Read the book: «Гастарбайтер (кыргызча тили)»

Font::

Глава

Бул чыгармадан баш каарман издөө кунарсыз. Турмуштун улам бузулуп улам кайра жаралуу маалы келгенде элибиздин кырк уруу жаатынан уул-кыздары аттанып чыгып кантип жеңишке жетишкени көрөсөтүлөт.

Алды менен орустун белгилүү жазуучусу, Москва жазуучулар Союзунун катчысы, Орусиялык ПЕН-борбору президентине орун басар Евгений Анатольевия Попов жазган баш сөздү окуй өтүңүздөр.

АДАМДЫ БАКЫТ ТООРУЙТ

"Бүгүнкү күндө бизде эң мыкты жазуучу ким?" деген суроого жооп издөө оңой. Не дегенде ал же бар, же жок. Чыныгы жазуучу - бул тексттерди ӨЗҮ ГАНА ЖАЗА АЛГАН ЖАЗУУЧУ, андан «башка» мага десе үч эсе акылдуу, билимдүү, ийкемдүү ж.б.у.с. болбосун колунан келбейт. Чыныгы жазуучунун дили менен кошо туулган – дарек, адабият майданына катышууга акылуу экенинин белгиси, ал эми клондор, жылмалап жазма, күңүрттөнтүп жазма - булар, болгону, графоманиянын бир түрү.Бул китепти Муса Мураталиев гана жаза алмак. Бул анын тарткан азабы жана акылы менен көрүп турган темасы – ХХ-кылымдын аягы ХХ1-кылымдын башындгы болуп аткан өзгөрүүлөр бороон-чапкыны ала келген байыркы элдин тагдыры. Жашоо оңой, бирок адилеттүү эмес. Эртеңки күндү алдын ала көрүү мүмкүн эмес. Тексттин толкундануу ыргагында кездешчү кыргыз акценти менен жазылган фразалар — кээде семантикалык, кээде стилистикалык — жазуучунун өзгөчө ыкмасы болуп саналат, ал анын мурунку "Отту сагынуу" романында ийгиликтүү ишке ашкан. Парадоксалдуу түрдө, "азияттыктар" турмушу деген шаанидеги романдары – чындыгында европалык, космополиттик текст болуп чыга келет. Ал Кыргызстандын же Орусиянын гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн жарандарынын жашоосунда таасирдүү көйгөйлөр тууралуу, алардын жашоосу кайрадан коркунучта экени сүрөттөйт. Бул дүйнөнүн чаалыгып чарчоосу согуштардан эмес, көпчүлүктүн БААРЫ ҮЧҮН тиленген бакыт куруу дымагынын мүмкүнчүлүктөрү түгөнүп баратканы туурасында баяндалат. Ошол себептен бул чыгармалар Жер жүзүндө адам баласынын жашоосу тууралуу метафорага айланат.

ИДОЛ ЖАНА МАРИЯ

АЛТЫН ПОЕЗД

Поезд токтой турган жол бош эле. Ал вокзалдын бир ыптасын бүт жаап турчу ак дубалдын алдына келе турган линия экен.

Бек менен Соня вокзалга келгенде, күн чыкканга бир сааттай болгон. Ошондон тарта экөө станцияны аралап жай басып жүрүштү. Бек аялына ийнинен ары карап экөөнүн бою бирдей экенин көрдү. Канча жылдар бирге жашоо аларды эгиздей кылып койгонун байкады.

– Алар бул жактан башка жашоо издеп келатышат, – деди Соня.

– Кечээки күнүн издеп келатышат, – деп Бек.

Вокзалдын радиосу алар тосуп чыккан поезддин келгенин жарыялады. Эки дөңгөлөктүү тачкаларды түртүп далысында "Портер" деген жазуусу бар уландар жүргүнчүлөрдү тосуп чыгышты.

Батыш тараптан келе жаткан поезд жай жылып составынын алдынкы вагондору кү н нуруна чагылып алтындан сыяктанып жаркырап келатты.

Поезд токтогондо кондуктор, формачан жигит, эшикти ачып, нымдуу чүпөрөк менен эшиктин туткасын аарчый баштады. Андан соң жүргүнчүлөрдүн алды платформага чыгышты. Арасында бир жылаңбаш келин поезден түшүп атып:

– Аа, кондуктор? – деп формачан жигитке кайрылды. – Мага семичкелик акча бер! Тапканыңан шыралга! Арыздануу калтырчу китебиңе жамандап жазам!

Кондуктор аны этибарына албай, жүргүнчүлөрдүн кантип чыгып атканын карап турду. Анда келин анын маңдайына өтүп туруп алды да:

– Бонус албай каласың! Журналдын бетин айрып сала албайсың. Мен анын баштан аяк номерленгенин көрдүм.

Бек коногун чыдамсыздык менен күтүп атты. Жүргүнчү көп бирок ал эмес.

– Сен, күйөөң экөөң шайымды оодардыңар! – деп кондуктор терикти. – Мен жолду ката силерге чайды бекер бердим! Эми чайпул алгың бар! Мени жайыма кой! Болбосо коопсуздук кызматына телефон чалам – сага эле жаман болот.

– Болуптур, чал! – деди келин. – Күйөөм чыкканда, мен акчаңды чөнтөгүңө колумду салып өзүм алам.

Кондуктор жүз доллар алып чыгып, келинге сунду.

– Ме! Какап өл! Мен экинчи биздин поездден сени көрбөйүн!

Бек келинди отуз жаштарда деп божомолдоду, алдыңкы тишинде алтын коронка жана кулагында сөйкөлөрү да алтындан. Анын макияж көрбөгөн жүзү эркектикиндей, көздөрү адамга ишенбөөчүлүк менен караган жан болуп чыкты. Бою ортодон төмөн, узун кара чачы төбөсүнө түйүп алган.

Бек күткөн Сармат акыры платформада пайда болду. Экөө бири-бирине оозеки учурашып, кол алышты. Сармат кондукторду мазактаган келинге колун шилтеп:

– Колуктум! – деди.

А келин алды менен Бекке, анан Соняга колун сунду.

– Алма, – деп өзүн тааныштырды.

Сармат куртка жана шым, бутуна кытайда тигилген кроссовкаларды кийип келди. Жаңы кийимдери сапар учурунда бырышып калган, бирок колунда бар адамга окшоп турду.

– Сиз – кожойкасыз? – деди Сармат.

– Ооба, туура айтасыз, – деп Соня анын колун алды. – Саламатсыз?

– Кайрат, – деп дагы бир киши аларга кол сунду.

– Биз силерди өз убагында келет деп ойлогонбуз, бирок улам эле кийинкиге жылдыра беришти...

– Койчу!– деп кең далылуу жигит Бектин колун кысты. – Султан.

– Бизге билинген жок, – деп жооп берди Сармат.

– Кандай жатасыздар?

– Ар бириңде бирден чемодан экен го?

– Иш издеген адамда көп буюм болбойт.

– Биз сени өз бизнесиңди баштайсың деп ойлогонбуз.

– Бул жерге биз жумуш табуу үчүн келе жатабыз. Кайдагы бизнес?

– Жумушту бул жерден табуу оңой эмес.

Арттан келгендер Бек менен Соняга колун берип кошула беришти. Аттарын айтып өтүп атышты. Алардын он экиси платформага чогулду. Бек аялы менен алдыга басып калгандары артынан ээрчишти.

Бек ушунча көп жердештерин көрүп таң калды. Эмне дешти билбей, алдыда баштап баратты. Алардын жүздөрү узак сапардын чарчоосун көргөзүп турду. Алар бири-бирин жоготкусу келбей, ээрчишип, чогуу, тар жерде бир сап боло калып, келатышты. Анда-санда алар Бекке жылуу карап атышты. Чоң шаарга мурда келбегендиктен өздөрүн ыңгайсыз сезип атышканы байкалып турду.

Бек жердештери менен болгон күтүлбөгөн жолугушуудан шыктанып аларга шаарда эмне кылуу керектигин жана эмне кылбоо керектигин айта баштады. Бек чалпоо келин Алманы улам карап коюп атты. Анын жүзү кубарып, көздөрү чоңоюп, шаарлыктар арасында кысынып аткансыды.

Соня Сарматтын келинчеги шайыр экенин түшүндү. Ал аны мурда тааныбаганына кубанды. Ангыча анын улам бир жагына карап, айланасындагы эч кимди капарына албай, кишилерди изилдеп атканы байкалды.

– Адамдарды кечке тиктеген уят, тигиле краба, – деп Бек эне тилинде кеңеш берди. – Бул жерде кишилерге тигилгенден көрө китеп окуган жакшы!

– Сенин жардамыңсыз эле эмне кылууну билем! – деп Алма тарк эте жооп катты. – Сенин башың меникинен, ошончо эле чоңбу?

Бек бул жоопту угуп, чочуп, тилин тишине катып унчукпай калды.

– Мени тарбиялайм деп ойлойсуңбу? – деп сурады артынан Алма. – Колуңдан келеби?!

– Жок, – деп Соня акырын шыбырап келиндин сөзүн бөлдү. – Бул жерде адамды тикирейе тиктөө эрөөн. Уруша кетиши ыктымал.

Алма бүт денесин оң бутунан сол бутуна оодарып алып:

– Мен аларды уруп жибердимби же эмне? Аларга суктанып жатам. Мен алардын арасында жашагым келет, мунун эмнеси жаман?

– Канчалаган кишилер отурукташуу үчүн шаарга агылып келип жатышат, – деди Соня. – Мен күн сайын келгендерди көрүп жүрөм.

– Келип атабы? Келе берсин. Мен алардын арасында жокмун.

– А сен мындай опузалоону кайдан үйрөнгөнсүң? – деп Бек күтүүсүздөн сурап калды.

Алма ага саал кунт коё карап туруп анан:

– А сен зарплата албай жашап көрдүң беле?

– Мен зарплата албай эле жашайм.

– Анткени сенин үстүңдө үйүң бар. Ага кошумча, сен жаман адиссиң же жалкоосуң! Бул акылы аздыктын белгиси. Жумуштан качкан адам айбан! Кантип иштебей жүрүүгө болсун?

Жаңы келгендер Бектин артынан калбай ээрчип жүрүштү. Айылдаштары анын үйүндө калганы атышканын байкаган Бек андан кийин унчукпай калды. Жок деп айтайын десе элдик адат алардын конуп кетүүсүнөн баш тартууга жол бербейт болчу.

Мария Ивановна бүгүн келип калбаса экен деп кыпылдай баштады. Сармат ага кат жазгандан кийин кээде Бектин үйгө келип, сурап турчу болгон. Бир жолу ал аны сезондук жумушка аларын айткан. Бекке директордун эч кандай кереги жок болчу. Ал турак жай кеңсесине ай жаңырган сайын өз убагында акысын төлөп, турак жай кеңсеси берчү жеңилдиктерин алчу. Мария Ивановна андан эч нерсе талап кыла алмак эмес. Ал Бектин айылдашынын катына өзгөчө маани берип аны ишке алууга кызыктыр экенин билдирчү. Ошондуктан Сарматтын качан келерин сурап калуучу болгон. Бир нече жолу үйгө келип кеткен. Бек бул жолу директордун үйүнө келишин каалаган жок. Азыр болсо чоң шаардын жашоосуна тааныш эмес мекендештерин үйүнө баштап келе жатты. Эртең барып өзүм буларды каттоодон өткөрөм деп ойлоп келатты. Кире бериште директордун машинасы жок экенин көрүп тынчып калды.

Соня эшикти ачты. Үй ээси катары Бек биринчи болуп ичке кирди. Айылдаштары анын артынан кире баштады. Алар ушунчалык көп болгондуктан, үйгө батпай тургандай сезилди. Этажда капыстан пайда болгон кошунасынын оозу ачылып калды.

– Баары конокпу? – деп сурап жиберди.

– Алар бизге келатышат! – деп жооп берди Соня жумшак үн менен.

Султан аял эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнбөй, ага аркасын салып Соняны калкалап, эне тилинде сурады:

– Бул аялга бизден эмне керек?

Соня баары үйгө киргенге чейин эшиктин жанында турган кошунасына шыбырап:

– Ал тил билбейт, эмнеге бул аял бу жерде турат деди? – деп бура сүйлөдү.

Соня үйүнө эң акыркы болуп кирип, алдындагы конокту жонго ныгырып атып, эшикти араң жапты.

– Султан! – деп Сармат коридордогуларга кайрылды. – Мен сага дагы бир жолу айтам, эсиңде болсун! Биз бул жерде чоочунбуз. Биз аларга көңүл ачууга себеп болуучу булакпыз. Үйдөгү тамашаңды унут, түшүндүңбү?

– Мен кожойкебизди коргогум келди, – деди Султан.

Кире бериште бут чеччү бөлмөнүн полу ар кандай түстөгү жана көлөмдөгү бут кийимге толуп, бут коёрго жер калбай калган. Аба оорлошуп, ачуу тер жыттанып, таноолорун кытыгылап жатты. Жылаңайлак коноктор бөлмөдөн бөлмө кыдырып, бүт квартирди ээлеп алышты. Алар буюмдарын жыйнап, түнөй турган жакшы жерди талашып атышты.

Алды жуунуп келип, отурушту. Жаштары отургучтарга, улуусу полго мандаш уруп отурушту. Сармат ырахаттана буттарын сунуп, көзүн жумуп, жеткендин кубанычын билдирип атты. Чарчоонун сапары артта калды. Эркектер эс алып атышты, Соня баштаган аялдар камыр жууруп, боорсок кесип чай кайнатуу менен алек болушту. Коноктор үйдөгү бардык буюм теримдерди карап жүрүштү: Столдор. Төшөктөр. Шкафтагы китептер. Дубалдарда илинген сүрөттөр. Люстралар. Пианино.Телевизор. Шкафтар. Столдогу саат. Столго коюлчу чырак. Үй ээлеринин уулу менен кызы үй-бүлөсү менен башка шаарларда кантип жашап атышканы тууралуу сурөттөр. Жаш кезде балдары ойноп чоңойгон оюнчуктар. Андан кийин квартиранын дубалдарын изилдөөгө киришти. Сөөмөйүн түйүп дубады тыкылдатып кайсы жери катуу, кайсы жеринде көңдөйү барбы текшеришти. Терезелердеги вазаларда гүлдөр. Жерге салынган килемдер. Бул буюмдар аларсыз эле ушул убакка чейин бул жерде болгону ойлонтту. Бектин жердештери бул үйдө бул нерселерди көптөн бери билбей келгенине ичтери ооруду. Аларсыз адам кедей жана көз каранды турбайбы деп ой жорутушту. Алар эркин жашоонун жытын сезе башташты. Терезедеги лаванда менен гераньдын жыты, жаңы ачылган гиацинт аңкыган жыты эстеринде калды. Ваннадагы таза раковинанын жыты. Плиткаланган дубалдар, лоинатталган пол, ашканадагы идиш-аяктар жана башка буюмдар аларга кызыктуу эле. Аларга баары жакты. Коноктор шаардык үйдүн жытын чукулдан сезгенге корстон болушту. Үй ээлери туугандары ала кирген ачкыл жыттан ыңгайсыз абалда калышты. Алар муну ниетинде жакырчылыктын жыты катары кабылдашты. Соня аларга ваннаны тезинен даярдоону колго алып жана керектүү буюмдар кайда экенин көрсөттү.

Алар улам кайра Сарматтын акылын угуп атышты. Ал чоң бөлмөдө отуруп, коңшу бөлмөдө отурган Аскар менен Султанга спорт боюнча машыгууларын унутпашын эскертип, көрсөтмө берди.

Ошондой эле Сармат ашканада отурган аялына кандайдыр бир Идолго көңүл бур деп кыйкырды. Анан ал Султанга, аялдарга жардамдаш деп буйрук берди.

Султан ашканага кирди. Ал балта саптай жыгач куурчакты алып, үстүнө кефирди жаба куюп чыкты.

Соня мындай ырымга кызыгуу менен карап турду. Сарман атаган Идол дегинкиси куурчак экенин ошондо түшүндү.

Сонянын колдору колбаса кесүү менен алек болуп аткан. Майдалап сурап алууга чамасы келбейт эле. Ошондо чоң бөлмөдө олтурган Сармат:

– Кожейке, жөн эле коюңуз, биз жолду ката ичип жеп келдик, – деп кыйкырды. – Бизге азыр эс алуу маанилүү.

– Албетте, албетте! – деди Соня. – Биз азыр келин-кыздар болуп тез эле бышыра коёбуз. Колбасада чочконун майы бар экен, мен сиздер келериңерди билгенде алмак эмесмин.

– А бизди коркутпаңыз! – деди Сармат. – Совет бийлигинин тарбиясы бизди колго тийген этти жей берүүгө машыктырган. Ашказаныбыз андан алда канча оор тамакты көтөрө берет! Арам майды кыпчып алып ыргытып салып, калганын адалдай жей беребиз, кабатыр болоңуз! Атеиске бышкан тамак болсо болду. Ошон үчүн бизде “астына аш кой эки колун бош кой!”– деген лакап бар.

– Мен сиздерге кызмат кыларымды билгенде атайын даярдык көрмөкмүн.

Саал унчукпай Сармат башка бөлмөдө олтургандарга кайрылды:

– Султан, Аскарды ээрчитип алып дүкөнгө чурка. Сонядан жакынкы көк дүкөн кайда экенин сура. Аялдарга шампан, а бизге күчтүүрөөк бир эки шише алып кел. Биз бул күндү майрамдашыбыз керек. Бул өзгөчө күн!

Коноктор кезектешип ваннага түшүштү. Сармат ваннадан чыккан ар бир жолдошуна кайрылып:

– Карачы өзүңө кандай болуп калдың? Сезесиңби? Адамдын кандай өзгөрөрүн көрүп ал! Адам баласынын териси өзгөрөт! Ошон үчүн адамдардын бири кара, бири сары, бири ак! Жөн жеринен эмес! Карачы! Бакырайып, маңкая түшүпсүң! Бир жери, артыңдан полго түшүргөн суулуу издериңди аарчы, баатыр. А сен, Кайрат, эмнеге буттарыңды кургатпай байпак кийдиң? Карачы, полго нымдуу изиң сеники да калыптыр...

– Сармат эмне эле баарын убара кылып жатасың? – деди Бек акыры. – Болду, эми эс ал.

– Мен бул жерде иш издеп келдим. А булар тойго келген берендей же жаңы буту чыгып, басып калган баладай тайраңдашат. Үстүнөн көзөмөл болгон бирөө керек.

ЧАКЫРЫЛБАГАН КОНОКТОР

Соня таң калды: коноктордун арасында жетекчилик мүнөзгө ээ жалгыз Сармат эле. Ал кокусунан чоң бөлмөдөн анын буйрук берген үнү жаңырып атпады. Ал эми Султанды биринчи караганда эле Слоня жактырды. Ал кең далылуу олбурлуу жигит экен. Үйгө кирип баратканда, түз басканда эшикке ийиндери сыйбагандыктан, бүт денесин саал оңго буруп, оң ийнин босогодон өткөрүп анан бүт денесин ичке киргизди. Сонянын эсинде калганы Султанда гана ошондой ыкма бар болчу.

– Бек, мага эмнеге мынча көп конок келерин айткан жоксуң? – деп сурады ашканадан Соня. – Алар эми кантип батышат? Төшөнчү, идиш-аякты кайдан алабыз?

Коноктордун баары Бекке жалт карап анын жүзү уялыңкы экенин көрүштү. Ал кантип жооп берерин билбей калдыбы, эмнеси болсо да унчукпады. Баарынын көзүндө чочулоо сезими пайда болду.

– Сонечка, эч нерсе эмес, – деп аялын сооротту Бек. – Сармат бул жакка келе жатканын жазып этегине: “таяке, шаар жеринде сырттан келген киши үчүн бир адресте катталуу шарт экен ошонун айласын таппай турам” – деп жзыптыр. Мен ага: Келе бер дегем. Алибетте, коноктор биздин үйдө калбаганы жакшы. Элден мурун жумуш табышсынчы. Кысылып калабыз, бирок таарынбайлы. Аталарыбыз кандай гана тар кечүү тайгак жолдон оңой чыгып жашашкан. Алар эч качан конок тосууну кыйынчылык дешкен эмес. Жумушу болот, баары жайында болот. Биздин институт таркатылбаганда мен буларды штатыбызга жумушка алдыртмакмын.

– Кайда иштедиң, байке? – деп сурады Кайрат.

– Долбоорлоо институтунда чиймечи болдум. Биз ГЭС куруучуларды чийме менен камсыз кылучубуз. Мен жаман кыйын чиймечимин. Билимим боюнча филологмун. Бирок алар мени окутушчу. Жумуш адамды эс алдырбайт. Мен ошол кезде ат салыштан жеңип алгам. Азыр биздин кесиптеги жумуш сейрек кездешүүчү иш болуп калды! Кээде мени Чеч-Төбөм кызыктырат. Ал жерде башкача чоңойгон жаштарды көрүп турам. Силердин араңарда Сарматтан башка эч кимди тааныбайм. Бул жаманбы же жакшыбы билбейм?

– Көңүлүң чөкпөгөнү жакшы, – деди Соня. – Бирок колхоздой жашоо ыңгайсыз. Биздин коноктор бул жерде көпкө чейин ушинтип кала алышпайт.

– Чоң жигиттер түшүнүшөт. Мунун баары жумуш табууга канча убакыт кеткенине жараша болот.

Соня дасторкондо канча адам болорун текшерүү үчүн төрт бөлмөнү тең аралап чыкты.

– Муну эч ким талашпайт, – деди Соня. – Азыр биз жумуштан бошотуулар деген эле кепти улам кайра угуп калабыз.

– Айтып коёюн, Слонечка, бул жерде коркунучтуу эч нерсе жок. Башында бизге жөлөк пул алуу канчалык коркунучтуу болгонун эстеп көрчү? Биз жакында жок болобуз деп ойлогонбуз. Баары бүттү, көрсө, адам ушундай күндөрү гана өз мекенин чындап баалайт экен. Мен бул тууралуу мурда эч ойлончу эмесмин.

Бек тыным жасап, артынан катуу үшкүрүнүп алды.

Коноктордун баштары жерге кире түшкөнсүдү. Баары тең бир маал унчукпай калышты. Сармат Бекти ийинден тарта, бекем кучактап алды. Бек кыймылдаган жок. Анан коё берип, анын көзүнө карады. Бек ыйлап жибере жаздачудай көрүндү. Ал аны ийинден ала кайра да кучактады.

– Мейли, коноктор, мени жаман адам экен деп ойлонсоңор да айтайын, – деп Соня баары отурган чоң бөлмөгө кирип, сөзүн улады:

– Сармат, сени таякең унутуп калды деп ойлобо. Бек сага жумуш издеп эле атты, мына, өзү айтып берсинчи.

Сармат бул жолу да таякесин бекем кучактап алды. Ал ооруп жаткандай оор дем алып унчуккан жок.

– Эмне болду? – деп Соня сөзүн улантты. – Эмнеге таякеңдин көңүлү чөгүп кетти, Сармат? Таарынтып алдыңбы же башка бир нерсеби?

– Мен таякемди аяйм, – деди анда Сармат.

Алма бирткеден соң, ашканада аялдар менен боорсок бышырып аткан жеринен:

– Ый-муңуңарды токтоткула! – деди үнү өкүм чыгып. – Силер эмне болуп жатасыңар? Бала болуп кеттиңерби! Кожоюндун үйүндө газ менен жарык дайыма күйүп турбайт. Бүгүн кечинде бир жумалык нормасын түгөтүп койдук окшойт. Соня, кайдасың? Бул жакка кел, бизге буйрук бер. Боорсок бышырууну бүтүрдүк. Тамактанышсын. Газ менен жарыкты үнөмдөйлү.

Соня квартирадагы көп адамдарга көнө албай атты. Болуп жаткан окуялардан кысынган күйөөсү да өз көлөкөсүнөн корккондой бутунун учу менен басып жүрдү. Сармат таякеси Бек менен Соняны Чеч-Төбө өрөөнүнө саякаттап жүргөн бейтааныш кишилерге окшоштуруп атты. Сармат ал кезде жаш жигит болчу, азыр ал бир топ жетилип калган чагы эле. Ал токтоо болчу, бирок кеп талашты дегиче тили тез чыкчу. Ал өлкөнүн кыйрашынын оор күндөрүн өз башынан өткөрүп, бардык маселелерде ак тамга башы тийген адамдардын бири болчу. А Бек болсо жердештеринин акыркы учурда кантип жашап жатканын билбечү, ошондуктан, Алманын поездин кондукторуна жасаган хулигандык чабуулу ага табышмак бойдон калган. Ошол эле учурда Сонянын болуп аткан жоруктан баш тарта турган акысы жок болчу. Күйөөсүнүн туугандары жөнүндө жаман ойлоо Соня үчүн табигый эмес эле, бирок болуп аткан окуя аны кыйла тынчсыздандырды. Барыбир алар менен ынтымакта болуш керек деген ниети жеңип, чыдап турду. Алардын абалын түшүнүп мамиле жазап атты. Бала төрөбөгөн Алманы тагдыр Сармат менен кошкону эринин алдында кыңк дебей ошол эле учурда катаал болбошу ушундан деп түшүнүшчү аларды билгендер. Аялынын эрине көбүрөөк көңүл буруусу да ушундан деп билишчү. Ал экөөнүн ымаласы белгисиз үй ээсине булардын жардамы керек болчу! Андыктан Соня баарына кайрылып:

– Кечээ метронун кире беришинде кадыр-барктуу эле бир киши баракчалар таратып жатканын көрдүм. Ал мага:

– Кошумча акча табуунун жакшы жолу, – деп кыйытты. Балким, ал жакка барышыңар оңдур? Акчаңар болсо квартира ижарага алсаңар болот.

Күйөөсүнүн жердештери кыңк деп ооз ачпады. Кайрат аракты ачканда, Алма анын колунан бөтөлкөнү жулуп алып, Идолдун ийнине бир тамчы тамызып, анан кайра өзүнө кайтарып берди.

– Эмне кылып жатасың? – деп сурады Соня андан. – Жыгачтын жаракасы кургаппы? Ашканада спирт бар, кийинчерээк кайда экенин көрсөтөм.

– Кандай тамак болбосун колдонсоң болот, – деп Кайрат токтоо жооп берди ары жактан.

– Башкалар муну жашыруун жасашат, а мен ачык жасайм! – деди Алма.

– Тамактануудан мурун жасаш керек, – деп түшүндүрдү Сармат. – Тамак учурунда бурканды унутуу жакшы эмес. Аны дайыма кубанычтуу маанай менен асыроо керек, болбосо ал сени жазалайт. Ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болосуң.

– Эч нерсени түшүнбөйсүң! – деди Бек.

– Сен атеистсиң, таяке! – деди кимдир бирөө.

Алма ачууланып кетти. Баары унчукпай, стакандарын көтөрүп, кимдир бирөөнүн бир нерсе айтышын күтүп атышты. Анан Бек Сарматка бурулду:

– Эмне дейсиң, кана? – деп Бек жээни Сарматка насаат айта. – Болбосо, Алманы сүйлө деп сурайбыз. Сен сүйлөгөндү үйрөнүшүң керек баатыр, болбосо киши болбойсуң! Азыркы учурда сөз адамды жогорку кызматка алып барып атпайбы.

– Мен азыркы абалыма ыраазымын, – деп жооп берди Сармат.

Алар тост айтылбагандан кийин деп ичишкен жок. Андан кийин Сармат чөнтөгүнөн кара жип менен кайчылаш байланган конвертти алып чыгып, Бекке көрсөттү.

– Бул эмне? Мага акча төлөйсүңбү?

– Жок, таяке. Мен муну бул жакка мени чакырган

киши үчүн алып келдим.

– Муну мага эмнеге көрсөтүп жатасың?

– Мария Ивановна үчүн! Бул так миң доллар! Бүт айылдан чогултуп, алып келдим. Жолугушканда дароо ыраазычылык билдирем.

Ал дароо пакетти курткасынын ички чөнтөгүнө кайра катып алды.

Бек биринчи кабаттагы кошунасы, бир курдай, ЖЭК директорду пара алып жатканын айтканын эстеди. Жумушка орношуу үчүн кайрылган адамдан алган имиш.

– Кантип? – деп Соня сөзүн бузуп кийлигишти. – Бул Мария – Ивановнаны кордогондук! Ал ачуулансачы?

Баары унчукпай калышты, анан Бек аялына жооп берди:

– Айтуу кыйын. Бул аны кордойбу? Мария Ивановнанын мындай адаты бар дешет. Өлкөдө бийлик кулаганда ал облустук комсомол комитетиндеги жогорку кызматын жоготуп, дээрлик көчөдө калган. Анан кыйла кийин мурунку кесиптештери аны жумушка орноштурган. Анан ал пара ала баштаган дешет. Ошондо ал:

– Эми мага баары бир! – деген имиш.

– Эмнеге мага баары бир? – деп Соня, эрине асыла, үнүн көтөрө сүйлөдү – Парага бергендерген шерик болгуң келеби? Түрмөгө түшүп калышың мүмкүн экенин түшүнбөй жатасыңбы?

Алма башын кескин көтөрүп, кожойкесине, анадн соң кожоюнуна жалт карады. Бектин сол чыкыйы кычышып, ошол жерин тырмап атканда, Соня өйдө болуп ашканага чыгып кетти.

– Директордун чынчыл эмес экенин ким билиптир? – деп Соня ашканадан кыйкырып сурады. – Бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе!

Алма чемоданынан аңтарып теңтерип бырышкан гезитти алып чыгып, Соняга алып ашканагна чыгып кетти.

– Айтмакчы, сенин шаардык гезитиң! – деди ал гезитти Алмага сунуп атып. – Аны эмне үчүн окубаганыңа таң каламын. Анда баары жазылган, мына!

Соня гезитти алып, колу менен идиш-аяк жууп атып, көзүнүн кычыгы менен карап, тийди качты жерлерин үнүн чыгарып окуду: – “Мария Ивановна... кайрымдуулук үчүн акча алат...” деген сөздөрдү көрдү, бирок аларды үнүн чыгарып окуган жок.

Алма ого бетер ачууланды. Үйдөгүлөр кайра да унчукпай, стакандарын көтөрүп, кимдир бирөөнүн бир нерсе дешин күтүп калышты.

Анан Бек кайра да Сарматка бурулду:

– Эмне дейсиң? Болбосо, Алманы сүйлөт. Мен сага дагы бир жолу айтам! Сен сүйлөгөндү үйрөнүшүң керек, жээн! Биздин туштагы коомчулукта киши болбой каласың!

– Мен антип кадыр барк тапкым келбейт! Дебедимби, мен азыркы абалыма ыраазымын, – деп мурунку жообун кайталап көгөрдү тигил дагы.

– Азыркы учурда ким акча албайт? – деп оюн жыйынтыктады Бек. – Жок дегенде, Мария Ивановна танбайт айтыптыр. Ошонусуна рахмат! Ал эч нерсени жашырбаган ак ниет киши экен дешке болот!

Соня конокторун канчалык көп укса, ошончолук алардан корко баштады. Ал күйөөсүнөн директор менен болгон бул окуянын чын же калп экенин сурагысы келди? Алар Бектин мекенинде жүргөндө кайдан жүрүп билип алышат?

Шарипа ашканада, раковинанын жанында туруп бирөө менен сүйлөшүп жатты. Ал идиш-аяк жууп, колтугуна сүлгү кыстарган Алмага жуулган идишти берип атты.

– Бек байке, бул жерде чачты таразалап сатышат деп уктум? Ал кеңсе кайда? – деп сурады Шарипа. – Таз кишиден башка барыбызга чач өсөт да, аны алдыруу керек, ал кайра эле өсөт, ошондуктан биз ай сайын акча таап алабыз.

Алма Бекке бурулду:

– Байке, эртең менен турак жай кеңсесине барыңыз. Мария Ивановнага муну жана беркини айтыңыз. Андан бардык көрсөтмөлөрдү алыңыз. Качан жана кайда болушубуз керектигин билиңиз. Же мени өзүңүз менен кошо ала барасызбы!

– Жо-жок! Мен өзүм барайын! – деп Бек чочуп кеткенден үнү барк эте түштү.

Шарипа кошумчалады:

– Аларга ачык эле айтыңыз. Алыс сапардан чарчап келишти, бир күн эс алышат анан ишке чыгат деңиз! Жок, иш күтө албайт дегидей болсо дароо эле чыга беребиз.

МАРИЯ ИВАНОВНАГА ДЕГЕН АКЧА

Алар биринчи кечти бейпил өткөрүштү, көбүнчө кожоюн менен кожойке коноктор суроолоруна жооп беришти. Коноктор кайра да жумуш маселесин көтөргөндө, Соня күйөөсүнө бурулду:

– Эмнеге сүйлөбөйсүң? Эмне үчүн үйдө отурганыбызды айт; алар ушуга кызыгып жатышкандай...

– Менин мекемем кыскартылып жабылганда, – деп баштады Бек үнү бир аз титиреп, – Бир топ адамдар көчөдө калдык. Ырас, кийинчерээк мага эмгек биржасы бир нече кызмат сунушталды, бирок алар менин үйүмдөн ушунчалык алыс болгондуктан баш тарттым. Үйдө болгон: алтын, күмүш, асыл заттан жазалган буюмдарды Соня бүтүндөй зарптады. Башка эмне кыла алмакпыз? Ден соолугуңузду жоготкондо, ал буюмдарың жардам бербейт экен. Үйлөнүү тоюбузга белек катары келген 12 кишилик мельхиор идиш аяк комплексти сатылганда анын акысы эшиктин кашегин кайра орнотууга кетти. Өткөн кылымдагы антиквардык чырак...

– Баса, эшигиңиз жакшы бекитилген эмес, – деп сөздү бөлдү Сармат. – Аны берен ууру ачып алышы оңой. Биринчи айлыгыбызды алаарыбыз менен жаңы эшиктүү болосуз! Мен бул тууралуу азыр ойлондум. Жакында кешегиңиз жаңырат, таяке.

– Жок! Эч кандай кешегиңдин кереги жок, – деп ыргып кетти Бек. – Мобул эле эшик, ушул эле кешик керекке жарайт бизге. – Бул миң эшиктин бири, эмнеге алмаштырасың?

Султан ордунан туруп, терезени ачып, жакынкы көчөгө көз салды. Айлана чөйрө таза, үйлөрдүн баары татынакай. Квартираларда ысык жана муздак суу, жакканга газ, жарык кылганга электир шамы. Дүкөндөр үйдөн жүз метр жерде. Түн киргенде көчөдөгү шамдар бардык жакты таң аткыча жарык кылып турат. Кеч киргенден капкараңгылык өкүм сүрөрү шаарлыктар үчүн болбой турган көрүнүш экен.

Эртең менен Бек турак жай кеңсесине барды. Директор бир жакка шашып кетип бара жатып:

– Жаңы сезонго чейин эч кимди жумушка албайбыз, – деп

артынан кошумчалады. – Мигранттар көп!

– Метронун алдында реклама таратыш керек! – деди Соня кечинде, жатарга маал.

Коноктор ар бир бөлмөнүн өзү ээлеген жеринен бир карыш чыкпай жатышты. Алар кепти укканда баштарын көтөрө коюп угушту. Айрымдары отурушту, айрымдары басып жүрүштү. Ал эми Сармат таякеси Бектин төшөгүнүн үстүндө убакыт өткөрүүнү адат кылып алды. Ал таякесинин чыдамын сынап жаткандай эле. Алма дайыма баарыга көзөмөл болуп алды. Соня ашканада жүргөндө, Алма да ал жерден өзүнө бир иш таап, оң кулагын кожейкеге салчу болду.

Бир күнү ашканада күйөөсү менен урушуп жаткан Сонянын чаңырган үнү баарынын көңүлүн бурдурду.

– Соня, сен андай кыла албайсың, биз конокторду таарынтып алабыз, – деп Бек аны сооротуп атты. – Директор жардам берерине ишенем, убадасы бар.

– Андан паана жок! – деп берки кыйкырды. – Ал жерде канча жолу болдуң? Белиң бүгүлүп сынганы калды. Сулуу кыздын уялчаактыгың сен байкушту катуурак кеп айттырбай атпайбы! Ал болсо куйрукту шилтеп качып кетип атпайбы! Ага катуураак мамиле керек! Ага сөзү өтүмдүү киши барыш керек! Ымтыраган сени анын көзү көргүсү келбейт!

– Болбогон кепти айтпа, э! – деп чачылды Бек. – “Сураган кишиңиз келди!” – дедим анан эмне кылышм керек?

– Ал күнүнө канча адамдан ушундай билдирүү алышын ойлоп көрчү. Эмнеге жээниңин акчасын берген жоксуң? Айылда жатып алып бул жерде баарын акчага сатып алса болот деп ойлошкон турбайбы.

– Мен сага эмне дедим эле? – деп Соня кайра оолукту. – Ал акчага эмес бекер жакшылык кылгысы келген. Бирок азырынча ал жасай албайт. Жээниң муну менен өзүн кылмышкерлер менен бир катарга коюп аракет кылган. Мария Ивановнанын көзү төбөсүндө – ал ким менен иш алып барып атканын билет. Көрөсүң, ал жээниңди жумушка албайт, эгер жумушка алса, аягы жамандап бүтөт.

– Бейкүнөө адамды кылмышкер дештен уялбайсыңбы!

– Мен ошентип айтам, ага эмнеге тынчың кетип жатканың түшүнбөйм?

– Адам жүрөгү менен да бир нерсени туят.

Соня ушул жерден тымм болуп, унчукпай калды. Андан кийин Бек сүйлөдү.

– Мен жүз метр алыстыкта анын кеңсесин айланып өтчүмүн. Ал жерден талап боюнча сертификаттарды алышым керек болгондо барчумун. Эми кубанмакмын, бирок бул жолу мамиле иштебей жатат. Адамдын жакшы күндөрдү, адамдын жөндөмү баалана турган күндөрү болот. Кантсе да, сенин акылың, тажрыйбаң чогулуп атса да аракетиң бир тыйынга жарабай калган күндөрдөн бул! Мен бүгүн эртең менен Сармат уктап жатканда да бардым. Биз аны менен кайрадан бетме-бет келдик, бирок Мария Ивановна менин бар экенимди мойнуна алган жок, учурашканыма да жооп бербей, кетип калды.

– Ал кайда шашып жүгүрөт?

– Жолугушуусу бар экенин айта салды. Эртең анын жообун алабыз!

– Болуптур, эртең дагы барам. Баары аны аягы суюк, бирөөгө кайдыгер адам дешет. Ошондон улам, күйөөсү кызганып, кызы менен Сибирге кетип калган дешет. Андан бери ал кайтып келген эмес. Ал жерде кайра үйлөнгөн деген ушак тарады. Кандай болгондо да эринин ушубакка чейин Мария Ивановна менен эч кандай байланышы жок экени баарыга маалым. Бирок директор дайыма үйүндө кече өткөрүүгө даяр. Албетте, бул анын өзүнүн иши, бирок анын кол астында иштеген бардык эркектерди көзөмөлдөп сыноодон өткөрүп жүргөнүн да айтышат.

– Мария Ивановна мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин, андай жосундун баары кечиримдүү. Сен жумушка орношуу үчүн шаар башчысына эмес ага барасың!

Age restriction:
18+
Release date on Litres:
04 October 2026
Writing date:
2026
Volume:
530 p. 1 illustration
Copyright Holder::
Автор
Download format:

Similar books