Read the book: «Адамдын Асыл ойлору», page 8

Font:

* * *

Күнөөлүү адамдар:«Кечирип койчу!» деп кудайга кайрылган болот. Бул туура эмес. Кимге зомбулук кылсаң, ошол кечирсин. Ошол кечирсе кудайдын өзү кечиргени болот.

* * *

Жакыр өлкөлөрдө байлар болот. Жакырлар андан бир канча эсе көп болот. Жакырлар байлардын байлыгына көз аркан болот. Ошол жаман. Жакырлар биригип кетсе, байларга андан бетер жаман болот.

* * *

Акылмандын сөзү кыска, жакшы адам менен сүйлөшүп баратканда жол кыска, жүз жашка чыксак деле өмүр кыска.

* * *

Бир адам кемчилик кетирсе, дүйнө бир сонун нерседен кемий түшөт.

* * *

Арманда өткөн жалгыздын ыры көрүнбөйт, өчкөн оттун жалыны көрүнбөйт, өлкөсүн таштай качкан хандын карааны көрүнбөйт.

* * *

Оор кезде кайрылбай кеткен пендени эстебе, келем деп коюп келбей койгон досту эстебе, бош өтүп кеткен армандуу күндү эстебе.

* * *

Жокчулукта таштап кетпеген достон ажырабайм, жарды болсом да, сүйгөн кесибимден ажырабайм, үмүт, сүйүү, достук үчөөнөн түбөлүккө ажырабайм.

* * *

Алтын аз, ошол үчүн кымбат, талант да өтө сейрек нерсе, ошол үчүн мага кымбат, өзүмө жаккан адамдын үнүн уккум келет анткени ал да мага кымбат.

* * *

Суук күз назик гүлдү картайтты, жаман бала ата-энесин эрте картайтты, тажаал аял эрин эртелеп картайтты.

* * *

Бир кишинин жеңиши бир үй-бүлөнүн жеңиши, элдик баатырдын жеңиши бүткүл өлкөнүн жеңиши.

* * *

Убада бере берип ишин аткарбаган падышадан түңүл, оор кезде таштап кеткен туугандан түңүл, ата-энесине кайрылбай кеткен баладан түңүл.

* * *

Асманда каркыралар үн салып учуп баратат. Алар менен кошо мезгилибиз кайда баратат? Мезгил менен кошо тең жарыша , биздин өмүрүбүз кайда баратат?

* * *

Адам өмүрүндөгү жашыруун сырдын шыбыртын ачкан сайын анын турмушу акырындап ажарына чыгып жеңилдене берет.

* * *

Карылыктан деле коркпойлу, ал келе турган нерсе, өлүмдөн деле коркпойлу, ал боло турган нерсе, адам тагдыры ошол үчүн татаал кубулуш.

* * *

Пенделер ал адамдын сүйлөгөн сөзүнөн, өңүнөн жакшылыкты көрүп турушту. Ал адамдын чыныгы жетекчи экенин көрүп турушту, Аягында ал адамдан өздөрүнүн келечегин көрүп турушту.

* * *

Жакшынын сөзү жаркын, сөзүнөн мурун өзү жаркын, өзүнөн мурун элге кылган кызматы жаркын.

* * *

Адамдын башкы байлыгы каякта деп сурасам ал айтты:

– Негизги байлык токтоолук, сабырдуулук бир нерсени тажаалданбай акыл менен калыс чечкендик.

* * *

Кайсы жерде чечкиндүү акыл, эмгек болсо, ошол жерде өсүш болот, өсүш болгон жерде үмүт аны менен кошо кубаныч болот.

* * *

Кубаныч – кубанычты чакырат, кайгы – кайгыны чакырат, а көңүл-коштук эмнесин чакырат?

* * *

Арамзалык өкүм сүрүп турган жерге сен чындыктын жолун көрсөттүң, демек, сенин жолуңа таалай нур төгүп жатканын көрсөттүң.

* * *

Жашоодон узаар адам күкүктүн үнүн угуп бир кубанды. Булбулдун сайраган үнүн угуп дагы бир жолу кубанды. Ошол үндөн өмүрүнүн акыркы кубанычын сезип жатабы? Же ошол үндү тиги дүйнөгө алып кетейин деп жатабы?

* * *

– «Дүйнөдө эмне таза, эмне улуу, эмне керемет»? – деп сүйүшүп жүргөн эки ынактан сурадым.

Алар уялып, баштарын жерге салып, ооздорун араң кбыратып, билинээр-билинмексен:

– «Махабат», – дешти.

* * *

Талант адамдар үчүн көп нерсени жаратты, ал бакыттын талаасынан өлбөстүккө карай жол кетип баратты.

* * *

Бактын ичинде, ак сакалчан карыя кап алып жалбырак чогултуп жүргөн эле. Көп өтпөй жалбырактар анын ийнине келип түшүп:

«Биз да сен сыяктуу карыдык сенин өмүрүң узак жылдарга созулду, биздин бир жылдык өмүрүбүз бат эле бүтүп калды», – деп армандуу шыбыраша түшүп жатышты.

* * *

Ата-эне балдар үчүн эч убакта өзгөрбөйт. Ата-эне бойдон калат. Ошону билип койгула, балдар!

* * *

Көптөн бери барбай жүрүп төрөлгөн кыштагыма баратам, унутта калган балалыгымы көрөйүн деп баратам. Жүрөктөгү сагынычты таратайын деп баратам.

* * *

Жыгач уста жыгачтан кепин жасап жаткан экен. Аны карап туруп арамза ой санаама жылт эткен: «Эми буга ким жатаар экен? Эми дагы кимиси тиги дүйнөгө узаар экен?»

* * *

Бакытты эч ким колу менен кармап көрбөгөн экен. Эгер кармап көрсө ач көздөр аны бербей менчиктеп калмак экен.

* * *

Суук болсо да муз алдында суу шылдырап агып жатат, Кар алдында гүл гүлдөп жатат. Экөө тең жашоонун өлбөстүгүн айтып жатат.

* * *

Жылдар артта калып өзүбүз алдыга жылып баратабыз. Өзүбүз менен эмнени алып баратабыз… Каякка баратабыз…?

* * *

Көңүл ачып ичкиликти да ичип койдук, акын болуп ыр да жазып койдук. Тагдыр экен өткөн өмүргө да ыраазы болуп койдук.

* * *

Көп болгон да аябай жакшы, чакан болгон да андан бетер жакшы, такыр жок болбой бар болгон баарынан жакшы.

* * *

Үй салып бүткөн уста кубанганынан ичет, акын жакшы дастан жазып бүттү ошол үчүн ичет, эч ийгилиги жок бекерпоз эмне үчүн ичет?

* * *

«Биз көппүзбү же азбызбы» леп акылмандан бирөө суралы.

Акылман:

«Биримдик болсо элибиз жоону ылдам жеңет, ынтымагыбыз жокто душмандан элибиз бат жеңилет. Көп, аз болуш баары эле өзүбүздүн.биримдиктен.

* * *

Адам адегенде жүрөгү менен чындыкты тааныйт. Чындык анан тиги пендени тааныйт. Ошондо чындык менен адам бири-бирин тааныйт.

* * *

Күнүмдүк жыргал ал жөн эле бир окуя, ага караганда

эпкиндүү эмгек эсте калаарлык окуя.

* * *

Таланттдар да, талантсыздар да эмгектенип жатат. Бирок чыныгы эмгекти тарых кийин тастыктайт.

* * *

Жакшылык жана жаманлык жөнүндө айтылат, баары жүрүп-жүрүп отуруп эле аягында жашоонун табышмактуу сыры айтылат.

* * *

Адамдар тамак табыш үчүн иштеп жатабы? Же жакшы иштеп заманыбызды гүлдөтөлү деп иштеп жатабы? Же эптеп эле убакыт өткөрүш үчүн иштеп жатабы? Бул суроого мен жооп бере албай жатам. Билсең сен ошол иштеп жаткандардан сурап көрчү тууганым!

* * *

Көсөмдүн айткан ою бизге жарык болуп турду. Жүрөгүбүзгө кирип турду. Келечегибизге жол көрсөтүп турду.

* * *

Жашоо да табышмак, өмүр сүрүү да табышмак, кубаныч да табышмак, аягында өлүмдүн өзү да табышмак.

* * *

Адам өмүргө умтулган сымал акыры келген өлүмгө да моюн сунат.

* * *

Адамдын жүрөгү ташка айланганда, ал пендеге жанындагы адамдар да таштай катып көрүнөт. Анын көзүнө бүт дүйнөнүн баары таш болуп калгандай көрүнөт.

* * *

Адам төрөлгөндө эле аны менен кошо кубаныч, азап кошо төрөлгөн. Жалгыз эле кубаныч төрөлсө, анда жашообуз мынчалык армандуу болмок эмес.

* * *

Адамдын адамга айткан жакшы кеңеши жылгада өскөн жыпар жыттуу гүлдөрдүн өңүнөн жана жытынан кем калбай дем берип турат.

* * *

Мен көрбөгөн адамдын поэзиясы менин жүрөгүмө кубаныч алып келди. Мунун өзү кандай бактылуулук. Лемек жакшы адамды көрбөй туруп эле алардан бакытты алса болот экен.

* * *

Акылмандар:

– «Жакшы мамиле жакшылыктан төрөлөт, Орой мамиле оройлуктан төрөлөт», – деген.

* * *

Адамга караңгылык менен жарык сырттан келет, ал эми адамдын адамга, жакшылыктын жарыгы ичтеги жүрөктөн келет.

* * *

Адамдар бири-бирине жакшылык кылбай калган күнү жашоонун сыры аяктап, эч нерсе көрүнбөй ааламга караңгылык уюп турлду.

* * *

Тоо боорунда ата-бабалардын байыркы мүрзөлөрү өткөн тарыхтан кеп салып берейин дейт. Бирок алардын сүйлөгөнгө тили жок, үн салайын десе, дабышы жок. Ошондуктан жымжырттык.

* * *

Бирөө мени өмүр бою артыман кууп келатат. Ал карылыкпы же ажалбы? Же эмгекпи же башкабы?

* * *

Ачуулануу, каардануу жүрөктүн шайтан аралаган жеринен келген дешет. Ал эми акыл айтуу, токтоолук жүрөктүн гүлдөп турган жеринен жаралды дешет.

***

Арбактар айтат: « Анда-санда бизди эскерип, куран окуй жүргүлө, антпесеңер биз да стлерди унутуп салабыз»– дейт.

* * *

Таң атпай жаман сөз менен оозанба! Ал жаман жөрөлгөнүн башталган жышаанасы болот.

* * *

Бир адамды бактылуу кылганың – бул жакшы нерсе, көп адамды бактылуу кылганың – ал түбөлүктүү унутулбаган бакыт.

* * *

Ушундай деген ой туулат: Адам улуубу же тагдыр улуубу? Албетте адам тагдырды жаратат. Аны жакшынакай кылып жаратуу адамдын негизги милдети. Лемек адам улуу. Ал ачуу, таттуудан турат. Бир гана өтүп кеткен ачуу тагдырды кайра оңдоого болбойт. Ал эми таттуу тагдыр ал -кубаныч.

* * *

Жакшы адамдын жакшылыгы башкаларды нурдантып турат. Кеп ошол нурда, ал нур биз үчүн күн нурунан кем калбайт.

* * *

Күн бардык адамдарга нур чачат. Адамдарга нур чачуу жакшылыгы күндөн башталган дешет.

* * *

Жылдыз ыраакпы же ажырашып кеткен туугандар ыраакпы? Ыраакы жылдыздардын жарыгын көзүм көрөт. Ал эми ажырашып кеткен туугандардын жарыгын кантип көзүм көрөт?

* * *

Жайдын күнү жолдо баратам. Кулагыма чымын минтип ызылдайт: «Жай айланып келе берет. Мен тынымсыз ызылдай берем. Өмүрүм тынымсыз өтө берет».

* * *

Балам:

– «Ата, көл кантип куралат?»

– «Көл жаандын ар бир тамчысынан куралат». Ал таң калып:

– «Ар бир тамчыны чогулганча көп жылдар өтөт го», – дейт.

* * *

Ак карлуу тоону карап телмирем. Тоолор мени карап телмирет. Бири-бирибизди телмире караткан кандай сезим болду экен?

* * *

Ушул суроону көп адамдар кайта-кайта сурашат:

– «Адамдын ою узунбу же дарыя узунбу?»

– «Ой узун анткени, ал дарыянын баш аягын бат эле карыштап чыгып коёт», – дедим.

* * *

« Мен эми тынч жатып көшүлүп уктайын. Анткени бүгүн кээ бир адамдарга жакшылык жасадым»– деди аябай чарчап кеоген уста.

* * *

«Адамдар айткылачы, бакытка барчу жол кайда? Ошону издеп чарчадым. Байлыктабы? Даңктабы? Ачкачылыктабы? Же жакырлыктабы? Же жаңырыктабы?» Бул суроого ким жооп бере алат.

* * *

Атанын балага калтырган осуяты улуу мурас. Ал осуятты аткаруу баланын абийири.

* * *

Ооздон чыккан жалындуу ысык жакшы сөз көңүл менен жүрөккө сиңет. Ал эми жаман сөз каякка сиңет?

* * *

Кудай караңгылык менен жарыкты ажыраткан экен. А эмне үчүн адамдар чындык менен жалганды ажырата албай жаңылышат?

* * *

Кеч кирип, таң атат. Анан күн обого көтөрүлүп, кайра кеч кирип, түн өтүп, таң атат. Баары эле кайта-кайта кайталанат. Биздин өмүрүбүз эмне үчүн кайталанбайт?

* * *

Армандуу адам өзүнө кайгыны чакырды. Бактылуу адам бакытты чакырды. Демек адамдар деле кайгы менен бакытты өзүнө чакыра алат экен.

* * *

Балалыгыңдын жылдызы түбөлүктүү болбосо, сенин эсиңде жылдыз болуп жанбайт эле го?

* * *

Акылман адам бийикте туруп жерге көз салат. Жерде жаманчылык, ыпластык болбосо деп акмалап жол көрсөтөт. Анын иши ошол. Ыплас адам бийликте туруп элдин байлыгына көз артат. Анын иши ошол.

* * *

Улуу эмгек адегенде кыялдан жаралып, көркөм өнөр болуп, канат байлап асманга учат. Асманга учкан учкул кушту адам кармап алат.

* * *

Көп адамдардын жасап кеткен эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланат. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек ээсин издеп баары бир табат

* * *

Коркунуч, коркунучту ээрчитип келсе, баатырдык

баатырдыкты ээрчитип келген. Коркунучту ошол баатырдык жеңип, элге кубаныч алып келген.

* * *

Баардык жерге жакшы үрөн себилсе, түшүм жакшы болот. Баардык жерде тарбия жакшы болсо, таалайлуу балдар көп болуп. эл бейпил жашайт.

* * *

Жашоо күндөн уланса, өмүр күлкүдөн уланаарын биле жүрөлүк. Күлкү – бул өмүр менен ден соолуктун булагы экенин да унутпай эстей жүрөлүк.

* * *

Жалгандык болгон жерде чындык жашоодон алыстайт. Андай жашоо болгон жерде адамдар чындыктан алыстайт.

* * *

Кыйкырынып сөгүнүп жүргөн адамдар алсыз болот.

Алсыздыгын ошол сапаты далилдеп жатпайбы.

* * *

Сен жаккан оттун табы өзүңдү эмес, башкаларды да жылытса, ошол бактылуулуктун үлгүсү. Бакыттан мурун адамкерчиликтин үлгүсү.

* * *

Менин эсимде эмне калды: Мага жасаган адамдардын жакшылыгы менен жамандыгы. Жаманчылык бат эле унутулду. Жакшылыгы унутулбай эсимде келатат. Адамдар ошол жакшылыгы менен заманыбызды байытып келатат.

* * *

Дос-доско, жакшылык-жакшылыкка жакындады. Эми ишибизге оңолоор учур жакындады.

* * *

Кайрат, эрдик, кубаныч адамга азык болот. Ал тамак-аш азыгына караганда миң эсе кымбат. Алар кымбаттын кымбаты.

* * *

Адамдар катуу нерсени талкалап жок кылгысы келет, бирок аны катуулугу сактап турат. Адамдар жумшак нерсени жок кылгысы келет, бирок аны назиктиги сактап турат.

* * *

Адамдардын арасынан илгери бир кузгунду көргөм ал азыр деле кузгун бойдон экен. Илгери бир ак кууну көргөм, ал азыр деле

ак куулук сапатын жоготпой сактап калган экен. Кузгун-митаамдык, ак ккуу- кооздук. Демек элибизде митаамдык менен кооздук илгертеден бери эле жашап келаткан экен.

* * *

Тарбия – нук, бала – суу, нук кайда бурулса, суу да ошол жакка карай бурулат.

* * *

Улуу адам чындыктан тайып, бийликке шыйпактаса, ал боор ооруй турган көрүнүш.

* * *

Адам наадандыктан эмне үчүн качат? Адам эмне үчүн акылмандуулукка жакындайт. Жооп берчи?

* * *

Ичиңдеги сырды сактап тутуп ал, сырдуу сандыктын ичиндеги сыр асыл буюмга барабар.

* * *

Сөздү көп сүйлөй бербе, анын башталышы жана аягы болот. Тамакты көп жей бербе, курсактын да топугу, тойгон жери болот.

* * *

Баланын күлкүсү сулуу. кыздын күлкүсү, булбулдун же куштардын сайрашы булардын баары назиктик, же жашоодогу сонун нерсенин баардыгы назиктиктен куралган.

* * *

Атанын уулу болуу – абийириңдин башталган жери.

* * *

Атанын сөзүн ук, эненин сөзүн ук, жакшы адамдардын сөзүн ук. Баарынан мурун, кудайдын сөзүн ук.

* * *

Өзүңүн тарыхыңы аныктап бил, андан кийин башка элдин тарыхын таанып бил. Жети атаңын баянын жата калып үйрөнүп бил!

* * *

Көп жол басканың да эсеп, ошол жолдо кандай эмгек жаратканың ошонуң андан бетер эсеп.

* * *

Көз көрөт, кулак угат, ооз сүйлөйт. Эгер ушулардын бирөө эле туура эмес жумуш аткарса, анда иш бузулат.

* * *

Сапар тартып кетип баратам. Артыман балалыгым кол булгаласа, астыман карылыгым мага кел дейт. Артка бурулууга убакыт жок. Астыга карай жол кетип баратам.

* * *

Хандын ордосунан элге карай жаман иштер иштелип жатат. Ошол тараптан элге сасык жыт тарап жатат. Эл ханга каршы бир нерсени даярдап жатат.

* * *

Агала чач болгон адам кара чалгы менен чөп чаап жатат. Агала чач жомоктогу карылык экен. Чалгысы ажал болгон экен. Ажал бизди кайсы күнү чалгы менен чабаар экен?

* * *

Поэзия бул асылдык. Ал адамды ар кандай жаман нерседен сактап турат. Ал ошонусу менен улуу, назик жана кол жеткис, көркөм.

* * *

Адамда эки окуя болот: Кайтып келүүчү жана кайтып келбөөчү. Пендеге келүүчү окуя арман жана кубаныч.

Кайтып келүүчү нерсени кубанып тосуп алалы, келбөөчү окуяны да коштошуп узаталы.

* * *

Кудай сени көңүлүңө жаман нерсе уяласын деп жараткан эмес. Бирөө сенин көңүлүңө жаман окуяны таштап кетүүгө акылуу эмес, андан калса, көңүл байкуш арамзалыкты алып жүрүш үчүн жаралган эмес.

* * *

Жакшы окуя түштөн башталат, анын баалуулугу ошондо.

* * *

Кемчилик кетирген адам ойлонот. Өмүрү сая кеткен адам ойлонот. Бир нерсеге талпынып ага жетпей калган адам дагы ойлонот.

* * *

«Эмне өтсө ошонун баары жакшы», – дедим. «Өкүнгөнүң менен аларды кайра калыбына келтире албайсың», – дедим.

* * *

Жаштар айтты:

– «Өмүрүбүз жаңы бүр ачып келечегибиз алдыда».

Орто курактагылар айтты:

– «Өмүрүбүздүн жарымын жашап бүттүк, келечектен жакшылыкты күтөбүз!»

Карылар айтты:

– «Жашаарыбызды жашап бүттүк, аз өмүрүбүз калды. Биз дагы адамдардан жакшылыкты күтөбүз».

* * *

Гүлдесте түркүн гүлдөрдөн туруп, кооздукка нурланат. Адамдын өмүрү да ар түрдүү, изденүү эмгектен куралып, жана жашоосу маанилүү бай болуп, гүлдесте сыяктуу кооздукка нурланат.

* * *

Эсте калчу, эсте калбоочу нерселер болот. Кээ бир адамдардын жакшылыгы менин эсимде калыптыр. Алардын жакшылыгын жакшылык менен кайтараармын. А менин жакшылыгым кимдин эсинде калды болду экен?

* * *

Журт үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:

– «Эми мындай адамды таппайбыз, жаткан жери жайлуу болсун», – деп муңканышат.

Кара башы үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:

– «Эми мындан бир жолу кутулдук», – деп кубанышат.

* * *

Илимдеги эң сонун ачылыштар турмуштун өлбөстүгүн жана өмүрдүн мындан ары уланып, жашообуздун жеңил болоорун кабарлайт.

* * *

Ата-Журттун кенендигин ата менен эненин мээриминен сезилген. Ата журтта да ата менен эненин мээрими жатат.

* * *

Устаттын сага үйрөткөн өнөрү дарыянын башындагы булакка барабар. Дарыя булактан башталат.

Чоң өнөр кичине нерседен башталганга барабар.

* * *

Жоомарттыктын башында бир жакшы нерсе жатат.

Ошондо сонундукту үйрөнөлү.

* * *

Ар бир адам калкы менен катар бараткан. Ошол калкты улуу кеменгер жетекчи баштап бараткан.

* * *

Жакшылык менен башталган нерсе жакшылык менен кубанычтуу аяктасын.

* * *

Ата-эненин жакшы осуятын аткара албай калган бала асыл нерсесин жоготкон бала.

* * *

Адамды көргө койгону баратабыз, анын жакшы жактарын эстеп, кубанып баратабыз. Начар жактарын ойлоп кайгырып баратабыз. Аны менен сапарда акыркы жолу баратабыз.

* * *

Жаңылыштык кетирген өлкө башчысын сот соттойт. Сот да анын тарабында болсо, аны эл соттойт, элди күч менен басса, анда аны калыстык менен тарых соттойт.

* * *

Адамдын эки энеси бар. Биринчиси өз энеси. Экинчиси айланасындагы табият энеси. Көп адамдар экинчи энеси жөнүндө кабары жок болуп, өтүп кетет. Ошонусу чоң жаңылыштык.

* * *

Өзүмчүл кара ниет адамдын өлкөнүн башына келиши калың элге кырсыктуу окуянын башталышы.

* * *

Учкул акыл жана чечкиндүүлүк бириккен жерде ойго сонун нерселер келип-кетип турат. Баарынан мурун адамдарга жаңы жаңылык жаралып турат.

* * *

Карышкыр менен коён бирге жашаган эмес. Анткени коён андан коркот. Коркуу болгон жерде өмүр, өлүмдөн коркот.

* * *

Ар бир адам улуу нерсени жаратканга умтулат. Андай жерде дүйнөгө майрам жаралып, өмүр алдыга умтулат.

* * *

Бир ойду беш сөз менен түшүндүрсөң ал эң жакшы. Он сөз менен түшүндүрсөң ал да дурус, жакшы. Ал эми андан көп сөздөр менен түшүндүрсөң, сүйлөгөн сөздүн мааниси кетет. Андан көрө түшүндүрбөй койгон жакшы. Анткени сенин сүйлөгөн сөздөрүң көркөм жана жакшы болсун.

* * *

Бардык адамдар байлыктын үйүн ачып алып, дүйнө мүлккө жетсем дешет. Бирок анын ачкычы кайда?

* * *

Оорундуу тамаша болгон жерде оорундуу сөз, орундуу жүрүм-турум болот. Ошондо адамдардын жашоосу оорундуу болот.

* * *

Арак ичип мас болуп жүрө берсең, акыры соолугасың, ал эми турмушта жаштыгыңа мас болуп жүрө берсең, качан соолугасың?

* * *

Ниет менен көз караш жакшылыкка умтулса, ал адамдын жан дүйнөсү дагы жакшылыкка умтулат.

* * *

Олуттуу көз карашта тереңдик жатат. Тереңдиктен ары сыймыктануу, толгонуу, токтолуу жатат.

* * *

Бактылуулук жалпы элге келсе, журтта кубанычтуу жылыштар жылып келет.

* * *

Жогорку бийликке көп адамдар жетсек деп жанталашат. Мындай абал бардык жерде болгон жана боло берет. Алар бийликке барсын, Бирок өзү менен кошо элге жоопкерчиликти, жакшылыкты ала барсын.

* * *

Акыйкат алыстан даана көрүнөт. Аны ар бир адам айырмалай алат жана тааный алат.

* * *

Карганын каркылдагы силер менен кошо биз да жашап жатам деген жышаан болчу.

* * *

Ата-энесинин көзүнчө арак ичкен уул-кызга азап, аны карап турган ата-энеге азап, өтүп жаткан ошол заманга азап, кыскасы баарына эле азап.

* * *

Баарыбыз окшош нерсени жаратпай, ар кандай жакшы нерсени жараталы, ошондо жашообузда ар түркүн ийгиликтерге жолуга беребиз.

* * *

Шашып бараткан жолочу болот. Шашпай эле акырын бараткан жолочу болот. Шашпай бараткан жолочу шашып бараткан жолочудан ашып кеткен күнү болот.

* * *

Карысын сыйлай албаган жаштарга азап, кордук көрүп жашын төккөн карыга азап, ушул кордукту көрүп турган элге, эл башчысына азап.

* * *

Үзөңгү-Куушту сатып ийген адамга азап, жерим сатылып кетти деп ыйлаган Аксылыктарга азап, өз жерин жоготкон кыргыздарга азап, кыскасы баарына эле азап.

* * *

Булактын суусу жумшак, убайымдуу карынын сөзү жумшак, акылмандын айткан ар бир кеби жумшак.

* * *

Жаз жаратылыштын көркү, өнөр таланттын көркү, баатырдык баарынын көркү.

* * *

Малчылар көчүп кеткенден кийин жайлоо ээн калат.

Жакшы досуң узап кетсе, жан дүйнөң ээн калат.

* * *

Бир адам айтты:

– Адам үч жеринен жаман көрүнүп аксайт,-деди.

– Айтыңызчы кайсы жеринен?– мен ага кызыга кайрылдым.

– Ылаң сөз сүйлөп жиберип оозунан аксайт. Ошол жаман.

– Дагы касй жеринен?

– Курсагын тойгузам деп элдин ырыскысын жеп жиберип,жаман курсагынан аксайт.

– Дагы бирөө калды ал кайсы?

–Аны айтпай эле койсом болот эле. Уятту болсо дагы айтып берейин ал алаасындагы балакеттүү жерин туура эмес башкара албагандыгынан аксайт. Мунун баары эле баягы аксаңдаганы оордунда эмесс пендечилик.

Мен ал адамга:

– Ырахмат карыя, бул айткандарыңыз адамдарга сонун сабак экен,-деп алкышымды айтып туруп басып кеттим.

* * *

Ата өтсө үйдүн бир капшыты ээнсирейт.

Эне өтсө үй бүтүндөй ээнсирейт.

Акылман падыша өтсө, өлкө ээнсирейт.

* * *

Бир кашык суудан чака бөксөрүп калбайт, бир чымчым ундан кап кемип калбайт, бир адам кайтыш болсо, андан аалам кемип калбайт, бирок ошол пендени жоктоп үйдө кайгы калат.

* * *

Үй салып жатабыз деп, усталар айтышат, китеп жазып жатабыз деп, акындар айтышат, мүрзө казып жатабыз деп, көрүстөндөгүлөр айтышат. Кыскасы баары эле тынбай түркүн иштерди иштеп жатабыз деп айтышат.

* * *

Тамактын бышаары чукулдап келатат, жакшы үмүттүн аткарылаары дагы чукулдап келатат, Кеч жакындап түндүн келеер маалы жакындап келатат.

* * *

Көл эрте кечи толкуп жатат, жаан төгүп, шамал болуп жатат. Өмүрүн улап жолочу жолго аттанган жатат, демек заман токтобой агып жатат.

* * *

Мен жок болсом аалам жалгызсырабайт, жакшы жолдош турганда жолоочу жалгызсырабайт, жакшы уулу турганда ата-энеси жалгызсырабайт.

* * *

Максатына жетпей калган өмүр армандуу, аты өлүп жолдо калган жолочу армандуу, теңтушу жок жалгыз калган кары армандуу, улгайганда байбичеси жок абышка армандуу.

* * *

Сага эң сонун өткөн бир түндүн көркөмү миң түндүн көркөмүнө эч убак татыбайт, жүз коркоктун карааны бир баатырдын каоаанына татыбайт.

* * *

Жалгыз болуп калбасын деп балага ата-эне кайрымдуу,жакшы жашасын деп тууган-тууганга кайрымдуу, элим жакшы жашасын деген хан журтка кайрымдуу,баарысы жакшы жашасын деген кудайым бизге кайрымдуу.

* * *

Жалпы журтка айыл атасы калыс, андан калса айыл энеси калыс, андан калса кудайымын өзү бизге калыс.

* * *

Балалык өтсө, жакшы күндөр өттү деп аны таппайбыз, жакшы сүйүү өтсө, кайра келбей калды деп муну да таппайбыз, жашоодо эмне жакшы окуя өтсө,ошонун баарын таппайбыз.

* * *

Адамдар турмушту чындык менен калптан жараткысы келет. Калп унутулуп, чындык турмушка ашкан күндөр келет.

* * *

Атасынын тилин албаган уул адашкан.

Ата-Журтуна чыккынчылык жасаган адам адашкан.

* * *

Күзүндө талаада өскөн боз чөп көрүнөт, улгайып калган адамдын башынан ак чач көрүнөт, атанын жалгыз туягынан жалгыз из көрүнөт.

* * *

Начар уулдун жүрүмүнөн ата-бабанын тарбиясы кыйгач кетет. Жаман сүйлөнгөн сөз, жакшы сөзгө жетпей кыйгач кетет. Ичкиликке аралаган өмүр кыйгач кетет.

* * *

Мен өзүмүн карылыгымы күзгүдөн көргөм.

Ал эми жылкы айдаган жылаажындуу жаштыгымы түшүмдөн көргөм.

* * *

Айтылган сырдын тереңин түшүндүм. Айтылбай калган сырдын жашыруун экенине түшүндүм. Ал катылып жаткан сыр сандыкта жатканын дагы түшүндүм.

* * *

Өткөн өмүр кайта келбейт. Көргөн түшүң кайра келбейт.

Өмүрү бүтүп узап кеткен киши кайра келбейт.

* * *

Жакын эле жерде бактардын ары жагында көлмөгө балдар ойноп, сууга түшүп жатты. Мен эч нерсени көрбөдүм. Болгону балалыгымдын күнүн анын жаңырыгын уктум. Бирок көрбөдүм.

* * *

Арамзалар жерди өз огунан чыгарып ийиши мүмкүн эмес. Акылмандар бар, алар жерди өз огунан чыгартпайт. Ошондуктан жер шарын акылмандар кармап турат окшойт.

* * *

Чөмүч жоголсо, суу толбой, табак адашат. Табак адашса, чара адашат, чара адашса, тамак бышпай казан адашат. Ошентип, баары бу дүйнө чакчелекей будуң-чаң түшөт. Үй-бүлөдөн ата кетсе, адам эне адашат, эне адашса, бала адашат. Ошентип үй-бүлөнүн баары адашып чакчелекей түшөт.

* * *

Күздүн муңайымдуу көрүнүшү адамдын жүрөгүн уялап алган. А өтүп жаткан мезгилдин элеси кайда уялап алган?

* * *

Мен киммин? Сен кимсиң? Аны элге сиңирген эмгегибиз айтып берет. Элге эмгегибиз сиңбесе, анда ким айтып берет?

* * *

Бүткүл айыл той үстүндө туруп бир жакшылыкты күтүп жатат. Мунун өзү айыл үчүн бактылуулук. Эгер ошол жакшылык аткарылса, бир киши эмес, бүткүл айыл кубанат.

* * *

Адамдар бир акындын китебин өмүр бою окуп келе жатат. Демек, китеп да бактылуу, китепти жараткан акын да бактылуу. Аны окуган баардык эл бактылуу.

* * *

Көркөмдүк менен сулуулук бир өзөнгө куят. Же экөө бир тууган жана бири-бирине жөдөк

* * *

– Кайсы учурда үйүбүздө тартип болот? – деп сурады эне.

– Ата-атадай, уул-уулдай, кыз-кыздай, келин-келиндей болгондо бул үйгө ырыскы уялайт, – деп жооп берди ата.

* * *

Талант өзүн-өзү даңктап келет, анын даңазасы ошондо.

* * *

Ителгинин учкаяктыгы, каармандыгы, кайраткерлиги, эч нерседен коркпостугу анын даңазасын мактайт. Ал даңаза эрдикти аныктайт.

* * *

Үкү айтты:

– «Мен караңгы түндүн кожоюнумун». Бакыт айтты:

– «Мен жакшы адамдардын жүрөгүнө келген кожоюнмун». Кайгы айтты:

– «Мен капалуу адамдардын жүрөгүнө жашаган кожоюнмун».

* * *

Жакшы адамдар караңгынын арасынан жарык нур таап, жашоосуна жалын жаратат.

* * *

Бир адам көп окуяны кобурады.. Бирок өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Бирок ал баяндын баары эле өзү жөнүндө экенин кыраакы адамдар байкап койду.

* * *

Адам өзүнүн иштеген ишинде кубаныч ырахат албаса, ал начар иш. Начар иште эптеп убакыттын жылышы керек.

* * *

Эмгегиң артыңда калган – өмүрүң, кеп ошол эмгегиңдин маани-мазмунунда жатат.

* * *

Китеп даанышманды жаратканбы же даанышман китепти жаратканбы?

Даанышман китепти жаратып, аны адамдар окуп даа-нышмандыкты ошол китептен таап алды десек болот.

* * *

Жүрөктүн үнүн угуп, ага жакшы жооп берген адам – жакшы адам. Үнүн угуп, жооп бербесе – ал башка адам.

* * *

Табияттагы жым-жырттык адамга асыл ойлорду түзөт.

Асыл ой пенденин ойлонуу жөндөмүн арттырып, ички жан дүйнөсүн түзөт.

* * *

Улгайган адамдардын саны бара-бара суюлуп баратат. Бара-бара биз дагы суюулгандардынкатарына кошулабыз. Ошентип өмүрдөн арман көрүнөт.

* * *

Ар бир адамдын жан дүйнөсүн изилдеп үйрөнүү, көп китепти окуп жыйынтык чыгарганга барабар.

* * *

Катуу ооруну айыктырганга караганда астын ала дарылаган жеңил, Баланы жаш чагында тарбиялаган жеңил, Элдин ысык-суугуна көнбөгөн эл башчысын эртерээк эле алып салган жеңил.

* * *

Карызгага баткан адам – береселүү адам. Элине көп эмгек сиңирген адам – журту ыраазы болгон адам. Өлгөн адам журту менен бир жолу коштошуп кеткен адам.

* * *

Балдардын келечеги жакшы тарбия менен бекемделет. Тарбияда ата-эне менен мугалим урагыс чеп соксо, ал түбөлүктүүлүк менен бекемделет.

* * *

Жаз – жаратылыштын көркү, өнөр – таланттын көркү, баатырдык – эр жигиттин көркү.

* * *

Бир адамдын кубанычы миң адамды кубантса, ал жакшы төрөлүш болгон.

* * *

Ыр жазгандын баарысы эле акын эмес,

Эл бийлегендин баарысы жетекчи эмес,

Өткөн окуялардын баарысы тарых эмес.

***

Балдарды начар тарбияга

ата-энелер да үйрөтүшү мүмкүн, анткени балдар алардын сөзүн ылдам кабыл алат. Ошондуктан тарбия өтө татаал нерсе десе болот.

* * *

Адамдын үмүтү күн сайын жаңырса, жаңы жаңырыкты жаратат. Антпесе жашоонун жаңырыгы жаңырбай калат.

* * *

Мен эзелки досумду эстеп жатам. Анткени анын мага жасаган жакшылыгын унутпай эскерип эстеп жатам.

* * *

Адамга тынчтык жана жымжырттык бергиле! Ал ойлонуп эртеңки жашоосуна жаңылык жаратсын!

* * *

Дөбө-тоого таянат, тууган-тууганга таянат, эр-элге таянат.

* * *

Абийир жүрүм-турумдун жакшы бөлүгү, жакшы жүрүм-турум тийген күндүн бир бөлүгү, күн нуру ак жашоонун өлбөстүктүн түбөлүктүү бөлүгү.

* * *

Жалкоолукка караганда эмгек бейиш, эмгектүү күндүн келечеги бейиш, келечеги бар адамдын өмүрү бейиш.

* * *

Жалгыз туяк атадан калган аманат.

Акын болгону бир ыр китеп жаратты, ал акындан айлына калган аманаты.

Ал балдарына бир үй салып каза болду, үй балдарына калган түбөлүктүү аианаты.

* * *

Денеңдеги оорунун кеткени кубаныч. Дене сергип адамдар менен аралашканы кубаныч.Таза дене менен эмгектенип, үй-бүлөңдү бакканың андан бетер кубаныч.

* * *

Өлүм өтө коркунучтуу окуя, бирок ал боло турган окуя.

Коркунуч да, өлүм да өтүп кетүүчү окуя.

* * *

Турмуш бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Изденүү жолу да, бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Ошентип жашоо жаңыланып жаңы түргө өтөт.

* * *

Талыкпаган эмгегиң – изденүү, жашоонун жаңы жолго түшүшү дагы изденүү, келечектүү жашоонун өзү изденүү.

* * *

Китепти жөн эле окуп койбогун, анын жан дүйнөсүн жүрөгүңө сиңирип ал, китеп ыйык- ал, ошол үчүн жаралган.

* * *

Жаз келеерде көзүмө жылкычы чымчыктын элеси көрүндү, анан жылкычы чымчыктын өзү көрүндү, анан көп өтпөй жадыраган жаздын өзү көрүндү.

* * *

Чындыкка күбө болуп акыйкат турду, ал эми калпка күбө эч ким болгон жок. Анткени ал иш болгон эмес, жөн эле ойдон чыгарылган калп чыгарма.

* * *

Күлкүнүн эки эле түрү бар. Биринчиси чын, экинчиси жалган. Чын күлгөндө адамдын ажары төгүлүп турат.Жалган күлгөндө эки жүздүүлүктүн элеси көрүнүп турат.

* * *

Миң гүлдүн ыргалган кооздугун эч убакта бир гүл бере албайт. Анткени миң гүлдө миң ыргакжашап термелип турган.

* * *

Талаанын көркүн бир түрдүү гүлдөр эмес, ар түркүн гүлдөр чыгарып көрккө бөлөйт.

* * *

Улуу ачылышты ким жаратам десе, ал улуу тобокелчиликке

бара берсин.

* * *

Тантык адамдардын арасында сүйлөбөй койгонуң ал улуу жеңиш. Алар ошол жеңишке ичинен суктанат.

* * *

Ар бир ойчулдун сөзү,сен окуучу улуу китеп.

* * *

Жаз айы – жаш чагың, кыш – улгайган убагың. Экөөнүн ортосунда бир топ узак жылдар созулуп жатат.

* * *

Айрым адамдар ушактан жип ийрип килем токушат. Ал килем кимге эмнеге керек?

* * *

Рухубуз жаңырса, биздин жан дүйнөбүздө чоң майрам башталат.

* * *

Бул өмүрдө элдин ак эмгегин жегендер көп, бирөөнүн ак малын уурдагандар көп, муштуму чоң зөөкүрлөр андан көп, алаасынан бузулган адамдар мындан көп, сага айтаар кеңешим ошолорго кошулуп жаман адамдардын жалпы санын арбыта көрбө!

* * *

Сонун кереметтүү обондуу ырларда бут да, кол да, дене да жок, ал кармалбай эле биздин жан дүйнөбүзгө өзү эле кирип кетет…

* * *

Көл жээгине келип ыр жазып жатам, эч ким мага тоскоол болгон жок. Ак чардактар гана:

– «Акын ырыңды жаза бер бул жашоонун өзү ыр», – деп ары-бери кайкышат.

* * *

Ар бир адам өз көлөкөсүн көргөндөй өз кемчилигин көрсө, кандай сонун болоор эле. Анда бул дүйнөнүн асылдык жагы көбөймөк.

* * *

Көз ирмемдеги эрдик кылымга сакталып калат. Бирок ошол көз ирмем тарыхта унутулбай айтылып калат.

* * *

Бүткүл элдин сезин алган өрт, учкундан эле тутанган.

* * *

Туз ачуу, шекер таттуу.

Дардаңдап эбин таппай көөп турган адамга ачуу мамиле керек, ал эми ындыны сууп, кайраты чөгүп турган адамга таттуу мамиле керек.

* * *

Жоокердин жалаңдаган курч кылычына караганда кызыл тил андан миң эсе курчтук кылат.

* * *

Көл жээгине келип:

– Ырларым кандайсыңар? – дедим.

Толкундун арасынан ырлар башын чыгарып:

– Биз мындабыз, талантың болсо ылдам кармап ал, – дешти.

* * *

Бизге улуу адамдар көп жаралса, ал алтын кылым болот. Алтын кылым улуу адамдары менен даңазаланат.

* * *

Өмүр сага берилген асыл белек. Ошону кастарлап жакшы күтүп, сыйлап өт. Ал сага болочокто түшүмүн төгөт.

* * *

Сен бийликте жогору көтөрүлсөң жөнөкөй адамдарды жерде калды деп эсептебе, аларды бийиктен карабай жердегидей эле жапыздыктан кара. Акыры жерге түшөсүң.

* * *

Акын айтты:

– Түн жымжырттык, мен анын кулумун, кул болгон соң мен эмгектениш үчүн жаралгам, ошол үчүн кулумун.