Read the book: «Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө»

Font:

Перевод книги «Детям одуванчиков» (автор Дика Кара) с русского на кыргызский язык

Переводчик Анвар Жолдошбаев

© Дика Кара, 2021

© Анвар Жолдошбаев, перевод, 2021

ISBN 978-5-0055-6073-5

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Кеч кирип бара жаткан.

Күндүзгү аптаптын ордуна жайбаракат кечки салкын келип, бардык тирүү жандар жеңилдеп калышты.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар уйкуга даярданышып, быжыраган чымын-чиркейлер кечки сейилге чыгышты.

Ошол маалда карып калган Каакым чоң ата небере каакымдарга кеп айтмакчы болот:

– Илгерки каакымдар турмуштун эң башкы баалууулуктарынын бири – өз ыктыярың менен тандоо эркиндиги жана шамалдын оң багыты деп айтышкан, бирок мен аны шарттуу түрдө гана кабыл алам. Эң башкы баалуулук – жаныңда өсүп турган ата-энеңдин жалбырагы!

Небере каакымдар таң калып бири-бирин карап коюшту.

– Чоң ата, эмнеге ата-эненин жалбырагы башкы баалуулук? – деди небере каакымдардын бири.

– Азырынча сурабай эле койгула, убагы келгенде түшүнөсүңөр – деп, Каакым чоң ата күңкүлдөп койду, ичинен дагы «азырынча эрте, боюңар жете элек,» – деди. Анан үнүн жоон чыгарып, «жаткыла, кеч болуп калды,» – деп кошумчалады.

Каакым неберелердин бири чоң атасынын сөзүн эстеп, такыр уктай албай койду.

– Чоң ата, айткан сөзүңдү кайталап, түшүндүрүп берсең эмне болмок эле. Билгениң менен бөлүшүп койчу!

– Билгеним мененби? – деди чоң атасы, көзүн ачпай.

– Айтып бересиңби?

– Макул, ук анда – деди да, бир эстеп алып аңгемесин жайбаракат айта баштады.

Ажайып тоонун бир боорунда каакымдар жашаган экен. Ал боорукер жандар таза абада күндүн энелик мээриминде, талыкпас камкордугунда өсүшкөн экен.

Жаздын апрель айында карлар эрип, каакымдар жапырт өнүп, күндүн нурларында жайкалып турушту. Жаныбарлар, куштар жана ары-бери өткөн сейрек жолоочулар аларды таңыркап карашат. Каакымдар күнгө жүзүн буруп, ар бир күндөн ыракат алып, дүйнөгө күлүмсүрөп мээримин чачышат.

The free excerpt has ended.

Age restriction:
0+
Release date on Litres:
10 November 2021
Volume:
7 p. 2 illustrations
ISBN:
9785005560735
Download format:
Audio
Средний рейтинг 4,2 на основе 906 оценок
Audio
Средний рейтинг 4,6 на основе 981 оценок
Audio
Средний рейтинг 4,8 на основе 5136 оценок
Audio
Средний рейтинг 4,6 на основе 120 оценок
Audio
Средний рейтинг 4,8 на основе 19 оценок
Draft
Средний рейтинг 4,8 на основе 432 оценок
Text
Средний рейтинг 4,9 на основе 338 оценок
Text, audio format available
Средний рейтинг 4,7 на основе 7079 оценок
Audio
Средний рейтинг 4,3 на основе 72 оценок
Audio
Средний рейтинг 0 на основе 0 оценок
Audio
Средний рейтинг 0 на основе 0 оценок
Text, audio format available
Средний рейтинг 5 на основе 4 оценок
Audio
Средний рейтинг 3,8 на основе 10 оценок