Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп

Text
Read preview
Mark as finished
How to read the book after purchase
Font:Smaller АаLarger Aa

ИНСАНДЫК ЖАКШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ

«Саясат – адамдын инсандыгынын уландысы». Сиз татыктуу адам болуп, мамлекеттик кызматта боло албасаңыз болот, бирок мамлекеттик кызматта туруп, ошол эле учурда моралдык нормалардан четтөө туура эмес. Мамлекеттик кызматта болуу биринчи кезекте татыктуу адам болуу дегендик. Татыктуу адам болуу үчүн жекече өркүндөш керек, бул принцип эзелтен бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. «Адегенде жеке сапаттарды өркүндөтүү керек, анан үй-бүлөдө ынтымакты орнотуу; үйдө гармонияга жеткенде, мамлекетте тартипти калыбына келтириңиз; мамлекетте тартип орногондон кийин, Асман асты падышалыкта тынчтык орнойт». Бул принцип жеке жакшыртууга негизги орунду ачык-айкын берет. «Үч катаал, үч намыс» принцибинде жеке сапаттарды өркүндөтүүдөгү катуу талап да негизги орунду ээлейт. Башкы катчы Си Цзиньпин бир нече жолу жетекчи партиялык кизматкерлерден өз ишин катуу талап кылып, «пайдага азгырганда да жүрөк тайбасын, дүнүйө жыргалчылыгынын кымындай азгырыгында да көз тайбасын» деп талап кылган.

Жашоо – бул моралдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү жолу дешет. Кадрдык партиялык кызматкерлер үчүн жеке сапаттарды жогорулатуу – бул дагы турмуштук милдет. Си Цзиньпин белгилегендей, партиялык билимди, идеологиялык аң-сезимди жана жетекчи партиялык кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин партиялык тажрыйбанын топтолушу жана кызматтык абалынын өсүшүнөн улам көтөрүлүү үмүтү менен кокустан калтырбоо керек. Адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо жана өнүктүрүү өмүр бою тынымсыз аракетти талап кылат. Баштапкы этапта бул «ишенимге берилгендик, элге кызмат кылуу, мамлекеттик милдетти аркалоо, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган эрдик, кристаллдык чынчылдык».

Андан ары «Төрттө «бар» деген талаптарды аткаруу керек: «Жүрөктө партия бар, жүрөктө эл бар, жүрөктө жоопкерчилик бар, жүрөктө тыюу бар» деген талаптарга жооп беришиң керек. Жана акырында «берилгендик, моралдык тазалык, жоопкерчилик» сапаттарын калыптандыруу керек, анткени партиялык мыкты кызматкер болуу үчүн адамдын ички дүйнөсүн талыкпастан өзгөртүү, партиялык ан-сезимди чыңдоо, моралдык сапаттарды чыңдоо, адамдан дайыма партиянын Уставын жана партиялык нормаларды сактоону талап кылуу керек. Ар бир ирмемде өзүндүн жүрүш-турушуңа контролдук кылып, өзүн-өзү түшүнүп, өзүнө сергек мамиле жасап, жетишүүгө шыктандыруу керек. «Түз жана ак ниет адам, жоопкерчиликтүү кызматкер, чынчыл жана бузулбас мамлекеттик кызматкер болуу» зарыл.

2013-жылы Си Цзиньпин өзүнүн студенттик дооруна токтолуп, мындай деген: «Мен айылдагы жумушчу күчкө кошулуп, өзүмө: «Жеке сапаттарды жакшыртуудан башта» деген ураан тандадым.

2014-жылы Пекин университетинин окутуучулары жана студенттери менен болгон биргелешкен жолугушуусунда Си Цзиньпин дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: «Адамда адеп-ахлак болот, коомдо болот жана бардык учурда жеке сапаттарда жана эмгекте принципиалдуу мааниге ээ адеп-ахлак мыйзамдарын урматтоо жана өзүн адептүүлүккө тарбиялоо зарыл» Башында «элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, ошондо эл сага кайрымдуулук көрсөтөт, элге айкөлдүк көрсөтсөң, ошондо эл сага айкөлдүк көрсөтөт». Андан кийин, сен «эл мени тааныбайт деп кабатыр болбошуң керек, бирок мен адамдарды тааныбайм деп тынчсыздануум керек» деп түшүнүшүң керек. Акыр-аягы, «асыл сапаттуу эркек киши дайыма милдет жана адилеттүүлүк сезиминен чыгып келет»… Си Цзиньпин инсандык өсүү жана калыптануу жолунун этаптарын – «Жеке сапаттарды өркүндөтүү, үйдөгү гармония, мамлекетте тартип, Асман асты империясында тынчтык» деген байыркы адамдардын классикалык накыл сөздөрүн келтирет жана мамлекеттик башкарууну баяндоо үчүн «Ийгилик мамлекеттин таянычы катары кызмат кылат» деп айтат.

Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн.

Цитата «Кытайдын кыялын ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү» Индиянын тышкы иштер боюнча советинин заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн» деген сөз конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн маанилүү турмуштук принципти билдирет. Бул принцип адамдарга болгон кең пейилдүүлүктү камтыйт, адам өзүн өзү ойлогон сыяктуу башка адамдарга камкордук кылуу жана эл менен ынтымакта жашай турган абалга жетишүүсүн көздөйт. Си Цзиньпин бул байыркы конфуцийдик накыл аркылуу Кытайдын башка өлкөлөр менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, прогресс жолу менен алга жылууга умтулуусун билдирген жана кытай элинин өз ара пайдалуу кызматташууга жалындуу умтулуусун ачыктаган.

Адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүдө, эң негизгиси, башка адамдарга өзүңдөй мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк кылуу. «Элге көрсөткүңүз келген талаптарды өзүңүзгө көрсөтүшүңүз керек. Өзүңүзгө каалаган жумшактыгыңыз элге көрсөтүлүшү керек». Башкача айтканда, өзүнүзгө көбүрөөк талап коюу жана адамдарга азыраак талап коюу, айланаңызга көбүрөөк адамдарды чогултууга мүмкүндүк берет. Адамдарга айкөлдүк көрсөтүүдө эң башкысы өзүн башка адамдардын ордуна коюу, адамдарга жакшылык тартуулоо. Өзүңүз жылуу болгондо, Асман асты империясында сууктан жапа чеккендер да бар экенин эстен чыгарбоо керек; өзүңүз молчулукта жашап жатканыңызда, Асман асты империясында да ачарчылыктан жапа чеккендер бар экенин эстен чыгарбоо керек. Эл жөнүндө дайыма чын ыкластуу ойлор – карапайым эл ысыкта же суукта жашабайбы, карапайым граждандардын үй-бүлөсү кубанычта же кайгыда жашабайбы – масса үчүн чындап камкордук көрүү, элге кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.

Философ Мэн-цзы мындай деген: «Ошондуктан, мээримдүүлүктүн жайылышы төрт деңиз чегиндеги ар бир адамды сүйүүгө жана коргоого жетиштүү. Мээримдүүлүктү жайылтпай туруп, өз аялын жана балдарын да сүйүп, коргоо мүмкүн эмес». Жетектөөчү партиялык кызматкер үчүн адамдарга өзүнө кылгандай мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк көрсөтүү жөндөмү партиялык кызматкердин коомдогу орду менен анын турмуштук максатынын ортосунда принципиалдуу байланышты түзүп, мамлекетти башкарууда жана өкмөттүк укуктарын колдонууда анын баалуулуктарын жана багыттарын калыптандырат.

ОРИГИНАЛ

Цзы Гун мындай деген: «Эгерде элге марттык менен белек берип, ар бир адамдын жыргалчылыкка жетишине жардам бере турган адам болсо, аны кандай адам деп атоого болот? Аны адамгерчиликтүү деп айтууга болобу? Мугалим: «Эмне үчүн адамгерчиликти сүйгөн деп гана? Сиз аны толугу менен акылман деп атай аласыз! Ал жада калса Яо менен Шундан да ашып түшмөк. Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге кең пейилдүүлүк көрсөтсөң, ошондо эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтөт. Мындай адам үлгү боло алат. Ал тууралуу кайрымдуулук өнөрүн үйрөнгөн деп айтууга болот».

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Юн е» бөлүмү («Юн жөнүндө»)

КОММЕНТАРИЙ

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар») трактатынын «Юн е» бөлүмүндө Цзы Гун Конфуцийден мындай деп сурайт: «Эгерде кайсы бир адам карапайым элге толук пайда алып келе алса, ошондой эле элдин жашоосун жакшырта алса, ушундай адамда филантропия бар деп эсептесе болобу? Буга Конфуций мындай деп жооп берген: «Мындай адамда адамгерчилик гана бар эмес, бул адам олуя! Мен улуу Яо менен Шун да муну кыла алган жок деп корком». Конфуций филантропияны аныктоонун төмөнкүдөй критерийин сунуш кылган: «Адамдар силерге кайрымдуулук көрсөтүшү үчүн, элге кең пейилдүүлүк көрсөтүш үчүн элге кайрымдуулук көрсөтүү керек». Бул сөз мааниси боюнча ошол эле трактаттын «Вэй лин гун» («Вэй Лин-гун») бөлүмүндөгү «Өзүңө каалабаган нерсени башкаларга да кылба» деген сөзгө окшош. Жогорудагы эки билдирүү тең бирдей «филантропия» түшүнүгүн түзөт – адамдарга өзүңдөй мамиле кылуу.

Чыгыш Хань филологу Сюй Шэнь өзүнүн «Шовень цзецзы» («Кытай тамгаларынын келип чыгышы») сөздүгүндө «Филантропия» түшүнүгүнүн маанисин мындайча түшүндүрөт: «Адамзаттын маңызы жакындык. «Адам» жана «эки» графемаларынан келип чыккан. Беш династия менен Сун доорунун кесилишинде жашаган Сюй Сюань аттуу дагы бир автор өз кезегинде төмөнкүдөй түшүндүрмө берет: «Адамзат – бул өз ара сүйүү, ошондуктан ал «эки» графемасын камтыган иероглиф менен көрсөтүлгөн. «Филантропия» иероглифинин түпкү мааниси адамдарга болгон руханий жакындыкты жана берешендикти билдирет.

Конфуций «филантропияны» сезим катары чечмелейт, анын негизин «адамдарга болгон сүйүү» сезими, ошондой эле абийирдүүлүк, ишенимдүүлүк, берилгендик, перзенттүүлүк жана башка бир катар түшүнүктөр түзөт. «Филантропияны» ишке ашыруунун критерийлери «Адамдар сага кайрымдуулук көрсөтүшү үчүн адамдарга кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага айкөлдүк көрсөтүш үчүн элге айкөлдүк көрсөтүү керек» жана «Өзүңө каалабагандарды башкаларга да жасаба» деген принциптер менен белгиленет.

Үч учурда дос болуу пайдалуу – дос түз, чынчыл жана изденүүчү болгондо.

Цитата ККПнын жетекчилигинин чет өлкөлүк саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуусунда «Биргелешип мындан да сонун дүйнөнү курабыз» деген тезисте жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Маданияттын гүлдөшү жана адамзаттын прогресси ар түрдүүлүктүн биримдигине умтулуудан ажырагыс. Бүткүл тарыхында Кытайдын Коммунисттик партиясы дүйнөлүк маданиятка көңүл буруунун, дүйнөлүк маданий мурастар менен активдүү аралашуунун жана аны кытайлык чындыктын шарттарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп келет. ККПнын жетекчилигинин жогорку деңгээлдеги чет өлкөлүк саясий партиялардын лидерлери менен жолугушууларында Си Цзиньпин Конфуцийдин достук жөнүндөгү атактуу сөзү аркылуу ойлордун улуулугун, масштабынын, Улуу партиянын масштабынын улуулугун көрсөттү.

Кытайдын Коммунисттик партиясы 160тан ашык өлкөлөрдүн жана территориялардын 400ден ашык саясий партиялары жана уюмдары менен эзелтен берки байланыштарды сактап, ошону менен бирге өзүнүн «досторун» тынымсыз кеңейтип жатат. Келечекте Кытайдын Коммунисттик партиясы бардык өлкөлөрдүн саясий партиялары менен байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, өз ара ишенимди чыңдоого, ого бетер кооз дүйнөнү биргелешип түзүүгө умтулуп жатат.

 

Си Цзиньпин өз сөзүндө төрт демилгени алдыга койду: коркунучсуз коопсуз дүйнөнү комплекстүү куруу; жакырчылыктан эркин гүлдөгөн дүйнөнү комплекстүү куруу; обочолонуудан эркин ачыктык жана толеранттуулук дүйнөсүн комплекстүү куруу; таза тоолору жана кооз суулары бар экологиялык жактан таза дүйнөнү комплекстүү куруу. Жаңы типтеги партиялар аралык байланыштар жана өз ара ишенимди терендетүү, өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, кызматташтыкты активдештирүү, ар түрдүүлүктүн, бири-бирин урматтоонун, өз ара үйрөнүүнун принцибин сактоонун негизинде партиялар аралык мамилелердин көп тармактуу структурасын түзүү жолу менен гана жана тажрыйба алмашуу жаңы жамааттын тагдырын түзүү үчүн адамзатты бириктирген алп күчтү топтоо мүмкүн болот.

ОРИГИНАЛ

Кун-цзы айткан: «Дос болуу үч учурда пайдалуу, үч учурда зыяндуу. Бул дос түз, чынчыл жана изденүүчү болгондо жардам берет. Достун арам ойлуу, уятсыз, алдамчы болгону зыяндуу.

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашулар»), «Цзи ши» бөлүмү («Цзи Мырза»)

КОММЕНТАРИЙ

Конфуций достук мамилелерди орнотуу жолуна өзгөчө маани берген. Ал айткан: «Достун үч түрү бар, анын достугу пайдалуу, үч түрдүү дос бар, анын достугу зыян. Ак ниет, чынчыл, илимдүү адамдар менен достук мамиледе болуу албетте пайда алып келет. Кара ниет, ыплас, алдамчы адамдар менен дос болуу албетте зыян алып келет».

Төмөндө Лю Сяндын «Шо юань» («Айтыштар бакчасы») аттуу трактатынан үзүндү келтирилген. Кун-цзы мындай деген: «Адептүү адам менен жашоо орхидеялар жана ирис гүлдөрү бар бөлмөгө киргендей эле, жыпар жыттуу жыттын табигый бөлүгүнө айланышы үчүн көп убакыттын ичинде жыпар жыттуу болосуң. Жаман адам менен жашоо кургатылган балык базарына баруу сыяктуу, көп убакыттын ичинде балыктын жытына каныккандыктан, сасык жыт сиздин табитыңызге айланат. Ошондуктан алар мындай дешет: бир нерседе кызыл боёк болсо, ал кызарат; Эгерде бир нерседе сыя болсо, ал кара түскө айланат, ошондуктан асыл адам айланасын кылдаттык менен тандайт». Күнүмдүк белгилүү «Ким кызыл боёк менен иш кылса, кызылга боёлот, сыя менен алектенген адам карага боёлот» деген сөз айкашы да ушундай мааниге ээ.

Эл мени тааныбайт деп кабатыр болбо, бирок сен элди тааныбайм деп тынчсызданышың керек.

Цитата Сингапур Улуттук университетинде «Кызматташтыкты жана өнөктөштүктү тереңдетүү, биргелешип Улуу Азия-Тынч океаны жалпы үйүн куруу» баяндамасында жана бир катар башка эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Адамдын табияты ар дайым адамдардан таанылууга умтулат. Бирок Конфуций өзүнүн караңгылыгы үчүн тынчсыздануунун кереги жок, тескерисинче, башка адамдарды өзү билбегендиги үчүн тынчсыздануу керек деген оюн билдирген. Жашоого болгон мындай мамиле инерциянын көрүнүшү катары кызмат кылбайт, тескерисинче, жигердүү турмуштук позицияны билдирет, өзүнөн себептерди издөөгө жана талап кылуучу мамилеге, биринчи кезекте өзүнө карата адамдар өзү сыяктуу мамиле жасоонун классикалык үлгүсү катары кызмат кылат. Маселен, өз ара ишеним мамилелерин өнүктүрүүдө эки тарап тең карама-каршы тараптын «биринчи кадамын» күтүшсө, акыры алар чечкинсиздиктен келип чыккан эс-учун жоготуп, психологиялык тузакка түшүп калышат. Бирок, сиз биринчилерден болуп чынчылдыкты жана адилеттүүлүктү көрсөтүп, өзүңүзгө болгон ишенимди актап алсаңыз, натыйжа сизди күттүрбөйт. Карама-каршы сөз да туура: адамдын башкаларга болгон ашыкча талаптары башкаларды анын жоопкерчиликти өзүнөн башкаларга оодарып жатат деп шектенүүгө мажбурлайт. Бирок, бул адам алгач өзүнө талап коюп, башкаларга берешендик көрсөтсө, мындай мамиле конфликттик кырдаалдардан чыгууга, татаал маселелерди чечүүгө жакшыраак таасир берет. Конфуций «Асыл адам көбүрөөк өзүнө талаптуу болот» деген принципти жарыялаган. Тышкы дүйнө менен гармония өзүн-өзү аңдап билүү жана субъективдүү аракеттер, ички өркүндөтүүнүн толуктугу аркылуу ишке ашат деп болжолдонууда.

Си Цзиньпин бул сөздү кытайлык жана сингапурдук жаштарды бири-бирин биринчи өзүнө талап кылуу, жашоо максаттарын так коюу, достук жана ишеним мамилелеринин эстафетасын алуу жана эки өлкөнүн тарыхы менен маданиятын билүү духунда кабыл алууга шыктандыруу үчүн колдонгон. Заманбап коомдун шартында шектенүүлөрдүн блокадасын жеңүү, бөтөнчүлүк эпидемиясын токтотуу, коомдо изгиликти кененирээк орнотуу үчүн ар бир адам мындан четте калбай аң-сезимди жана эң оболу, талап коюучулукту өзүнөн баштоосу зарыл.

ОРИГИНАЛ

Кун-цзы: «Эл сени билбейт деп кабатыр болбо, бирок сен адамдарды тааныбайм деп тынчсызданышың керек» деген.

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Сюэ эр» бөлүмү («Үйрөнүү жана…»)

КОММЕНТАРИЙ

«Сюэ эр» – он алты параграфтан турган «Лун юй» трактатынын биринчи бөлүмү. Биринчи параграфта Конфуций риторикалык суроолор түрүндө өзүнүн көз карашын айтат: «Аны эл тааныбайт, бирок таарынбайт – бул асыл адам эмеспи?», башкача айтканда, эл билбесе да. Мен жөнүндө бил, ачуум келбейт, бул асыл эр кишинин белгиси эмеспи? Он алтынчы параграфта Конфуций дагы мындай дейт: «Эл сени билбейт деп кабатыр болбо, сен өзүң элди тааныбайм деп кабатырлан. Сөздүн мааниси: эл сени тааныбайт деп кабатыр болбо, сен элди тааныбаганың үчүн гана тынчсызданышың керек. Бул кайталоонун аркасында бөлүмдүн баштапкы жана акыркы бөлүктөрү бири-бирин кайталагандай.

Башкалар мени тааныбаса дагы, мен өзүм бойдон калам жана эч нерсе жоготпойм. Ошондуктан, «Эл мени билбеши мүмкүн, бирок бул мени кейитпейт» жана тынчсызданууга эч кандай себеп жок. Тескерисинче, эгер мен адамдарды тааныбасам, анда мен жакшы адамдарга жакындай албайм жана алсыз адамдардан алыстай албайм, бул ансыз деле тынчсызданууга себеп болушу керек. «Лунь юй» трактатынын «Сянь вэнь» («Сянь сурады») бөлүмүндө Конфуцийдин ушундай эле сөзү келтирилген: «Элдер мени тааныбайт деп кабатыр болбогула, бирок мен элди билбейм деп чочулашыңар керек». Бул сиз өзүңүздүн белгисиздигиңиз жөнүндө кабатыр болбоңуз, бирок сизде көндүмдөр жок болушу мүмкүн дегенди билдирет.

Конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн «Асыл адам өзүнө баарынан жогору талапты коёт» деген принцип инсанды өркүндөтүү жана мүнөздү тарбиялоо процессинин маңызы болуп саналат». Конфуций айткан: «Асыл адам көбүрөөк өзүнөн талап кылат, начар адам көбүрөөк башкалардан талап кылат». Ошондуктан, Конфуций «эл сени тааныбайт деп кабатыр болбо» деп, «асманды күнөөлөп, адамдарды күнөөлөбөш керек» деп баса белгилеген. «Адегенде өзүңө талап кой» демекчи, өзүңүздүн кемчиликтериңизди, каталарыңызды аныктап, андан соң жетишпеген жерин толуктап, туура эмес жериңизди оңдоңуз деп баяндайт.

Адам ишенимге ылаайык болбосо, кантип чыныгы адам болоорун билбейм.

Цитата Пакистандын парламентиндеги «Кытай менен Пакистандын жалпы тагдырларын түзөлү, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жаңы жол ачкыла» деген сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Кытайдын интернет коомчулугунда Пакистанды «Ба те» деп аташат, бул «пакистандык достор жана бир туугандар болот сыяктуу ишенимдүү» деп которулат. Кытай менен Пакистандын ортосундагы достук – бул чын ыкластуу ишенимге жана чын ыкластуу берилгендикке негизделген мамиле, эки өлкө кыйынчылыкта жана сыноодо бири-бирине жардам берип, элдердин ортосундагы достук мамилелердин эталону болуп саналат. Си Цзиньпин 2015-жылдын 21-апрелинде Пакистан парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Кытай-Пакистан достугунун тарыхына жаңы олуттуу саптарды жазды. Баяндама бар болгону 35 мүнөткө созулду, бирок айрыкча кытай-пакистандык достук мамилелерге арналган баяндаманын үзүндүсүндө 50 жолудан ашык дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.

Адамдардын ортосундагы мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер алардын негизинде жаткан негизги принциптер, баалуулуктар жана түшүнүктөр жагынан окшош. Мамилелердеги ишенимдүүлүк жана ишенимге болгон муктаждыкты кандайдыр бир «милдеттүү минимум» деп атоого болот. «Ча Дао жол жээгиндеги дарактан курмага тоюп, дарактын белгисиз ээсине жакын жерге акча таштап кеткен» же «Юань Ши убадасында туруп, миң миль аралыкты басып өткөнү» жөнүндөгү аңгемелер чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн үлгүсү катары байыркы убактан бери буга чейин эле айтыла баштаган. Бирок кээ бир адамдар үчүн милдеттүү минимумду аткаруу өтө кыйын. Чыныгы турмушта кээ бир адамдар ар кандай азгырыктардын таасири астында чынчылдык, милдетке берилгендик сапаттарынан баш тартышат. Ишенимсиз адамдар башкалардын ишенимин жоготуп, жашоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, акыры өздөрүнө зыян келтиришет. Ишенимсиз адам иш-аракет кылууга жөндөмсүз, ишенимсиз эл өзүнүн ордун таба албайт, ишенимсиз мамлекет бийликти ишке ашыра албайт деп айтууга болот.

ОРИГИНАЛ

Мугалим айтат: «Адам ишеничке ээ болбосо, кантип чыныгы адам болоорун билбейм. Чоң арабада моюнтурукту кармай турган тарткычтын учу жок мезгилде, ал эми кичинекей арабада моюнтурукту кайчылаш тилкеге туташтыра турган киндиги жок болгондо, алар кыймылдай алабы?

«Лунь юй» трактаты («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Вэй чжэн» бөлүмү («Башкарууну ишке ашыруу»)

КОММЕНТАРИЙ

«Адам ишеничтүү болбосо, анын кантип чыныгы адам болоорун билбейм». Айтылган сөздүн мааниси мындай: эгер адам ишеничтүү болбосо, анда ал кантип татыктуу адамдык сапаттарга ээ болот? Конфуций риторикалык суроонун тонунда билдирүү жасап, саптардын ортосунда башка адамдардын ишенимисиз адам толук жашай албастыгын билдирет.

«Лун юй» текстинде «лоялдуулук» жана «ишеним» деген сөздөр кайра-кайра кездешет. Ошентип, «Янь Юань» бөлүмүндө Цзы Гундун мамлекетти башкаруу ыкмасы жөнүндөгү суроосуна жооп берип жатып, Конфуций үч шартты аткаруу зарылдыгын белгилеген: «Жетиштүү тамак-аш, жетиштүү курал-жарак жана элдин ишеними». Цзы Гун: «Эгер тандоо керек болсо, биринчи эмнени курмандыкка чалыш керек?» Конфуций: «Куралды курмандыкка чал» деп жооп берди. Цзы Гун дагы бир жолу: «Эгер калган экөөнүн ичинен тандоо керек болсо, биринчи эмнени курмандыкка чалууга болот?» Конфуций жооп берди: «Тамак-ашты курмандыкка чал. Эл ишенбей калса, мамлекет туруштук бере албайт». Албетте, Конфуцийдин көз карашында элдин ишеними баарынан маанилүү.

Конфуций окуусунун жолдоочулары «ишеним» түшүнүгүн иштеп чыгышкан, аны «чындык» түшүнүгү менен байланыштырып, бул кеңейтилген түшүнүктү «чындык жана милдетке берилгендик» деген сөз айкашы менен белгилешкен. Мэн-цзы мындай деп айткан: «Чынчылдык асмандын жолун түзөт; чынчылдыкка умтулуу адамдардын жолун түзөт». Чыгыш Хань филологу Сюй Шэнь өзүнүн «Кытай тамгаларынын келип чыгышы» деген сөздүгүндө: «Ишеним бул чынчылдык» деп жазат. Ошондой эле: «Чынчылдык – бул ишеним». Ишеним жана чынчылдык түшүнүктөрүн кайчылаш аныктоо менен ишенимдин негизги мааниси «чындык жана милдетке берилгендик» деп аныкталат.

Ыймандуу адам жалгыз боло албайт, албетте, анын пикирлештери пайда болот

Цитата «Кытай-япондук достук алмашуу боюнча конференцияда сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Адептүү адам жалгыз боло албайт, анын пикирлештери болот» деген сөз Конфуцийдин жакшылыкты өстүрүү процессине позитивдүү көз карашын жана анын изгиликтин жагымдуу күчүнө ишенгендигин билдирет. Си Цзиньпиндин сөзүнө так ылайык, Кытайдын көрүнүктүү салттуу маданиятынын бай философиялык ой-пикири, гуманизм духу, агартуучулук идеялары, жакшылык түшүнүгү жана башка көптөгөн аспектилери «изгиликти орнотуу үчүн коомдо жагымдуу башталыш катары кызмат кыла алат».

Бардык деңгээлдеги жетекчи партиялык кызматкерлер үчүн бийликти орнотууда, аброюн коргоодо, өзүнө болгон ишенимди чыңдоодо өзүнүн асыл сапаттарын, башкаларга үлгү боло алуу жөндөмүн өстүрүү жана өркүндөтүү негизги ролду ойнойт. Бул так ушундай деп айтылат: «Адамгерчиликти ырастоо аркылуу башкарууну ишке ашыруу – Түндүк Жылдызга окшош болуу. Ал ортодо калып, башка бардык жылдыздар анын айланасында кыймылдашат». Адептүүлүк жана жеке өркүндөтүү принциптерин бекем кармануунун негизинде, адам өзүнүн жакшылыгын элге кызмат кылууга багыттап, өз милдетине берилгендик аркылуу адамдарды жетектеп, «Асман асты империясында кайрымдуулукту орнотууга» умтулушу керек. Нерселер жалпы өзгөчөлүктөргө жараша биригет, адамдар өз түрүнө бөлүштүрүлөт, бирдей үндөр жаңырат, бирдей маанайлар бири-бирине тартылат, «ошондуктан адептүү адамдар өзүнө окшогондорду тартат». Жетекчи партиялык кызматкерлердин касиетинин жагымдуу күчү аларга бийликти элдик массанын акыл-ойдун багыты менен жалпы ишке ашырууга мүмкүндүк берет, аларга карапайым эл менен партия лидерлеринин ортосундагы катылган дубалды бузууга мүмкүндүк берет, элдин жан дүйнөсүндөгү партиялык кызматкерлерди коргоо жана колдоо каалоосун ойготот. Мына ушул факторлордун бардыгын бирге алып карасак, партиялык кызматкерлердин беделин чыңдоого, партиянын мүчөлөрүнө ишеним деңгээлин жогорулатууга, элдин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Мына ушул кепте айтылган: «Ошондуктан, башкаруучунун касиети жетилгенде, карапайым элдин баары жан дүйнөсүндө ага тартылып, төрт тараптын элдери ага кошулууну каалап, Асман асты империясы жалпы үй болуп калат».

 

ОРИГИНАЛ

Мугалим айткан: «Адептүү адам жалгыз болбойт, анын сөзсүз пикирлештери болот».

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Ли жэнь» бөлүмү («Коомчулук жана адемгерчилик»)

КОММЕНТАРИЙ

«Адептүү адам жалгыз боло албайт, албетте, анын пикирлештери бар». Конфуций жакшы адам жалгыз боло албайт деп эсептеген, ал ар дайым «тилдештери жана жолдору бир» болгон пикирлеш жолдошторуна жолугат. Бул сөздү түшүндүрүүдө ойчул Чжу Си «Лунь юй цзи чжу» («Лунь юй жөнүндө комментарийлер») эмгегинде мындай деп жазат: «Кошунасы туугандай. Изгилик жалгыз эмес, албетте, окшош нерселерди өзүнө тартат. Демек, жакшы адамдын жанында дайыма пикирлеш адамдар болот, анткени үйдүн жашоочусунун кошуналары сөзсүз болот».

Конфуций «өзүнүн касиети аркылуу башкаруунун» маанилүүлүгүн баса белгилеген. Анын көз карашында, изги адам өзүнүн айланасына массаны бириктире алат. Билимге суусаган адамдар жакшы сапаттарга ээ адамдардын айланасына биригет. Адамдар мүнөзү, адеп-ахлактык сапаттары жагынан өзүнө жакын адамдар менен достошот. Ошентип, «Ар кандай жолдор менен жүрүп, жалпы пландарды түзүү мүмкүн эмес». «И цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») китебинин «Си цы» («Афоризмдердин салттары») бөлүмүнүн биринчи бөлүгүндө мындай деп айтылат: «Бардык нерсе жалпы мүнөздөмөгө жараша биригет, окшош мүнөздөмөлөрү бардыгына жараша бөлүштүрүлөт». «Өзгөрүүлөр китебинде» «Цянь» гексаграммасынын сүрөттөлүшү да мындай деп айтылат: «Бирдей эле үндөр жаңырат, бирдей маанайлар бири-бирин табат». Эки билдирүү тең бир ойду көрсөтүп турат. Демек, «Да дай Ли цзи» («Дай аксакалдын «Такыбалык жөнүндө жазуулар») китебинин «Цзэн-цзы ли ши» («Цзен-цзинин жекече өркүндөтүүсү жана ишинин аткарылышы») бөлүмүндө: «Адамга берилгендик, асыл эр кишинин милдети өзгөрүлбөйт, анын касиети шакирттерине жолугат».

Окумушту кишинин акыл-эси тар, руху күчсүз болбойт, анткени анын жүгү оор, жолу узун.

Цитата «Кытайдын Коммунисттик жаштар союзунун XX съездин жана Кытайдын студенттик жаштар лигасынын XXVI съездин куттуктоо катында» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Тапшырылган миссия үчүн жоопкерчиликти сезүү – бардык идеялык жана максаттуу инсандарга тарыхый мүнөздүү болгон эң сонун сапат. Жаштар мамлекеттин таянычы, өлкөнүн үмүтү, андыктан жаштарга элдин, мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн. Өлкөнүн өнүгүшү жана жеке тандоо жаштардын терең ой жүгүртүүсүнө, так жоопту талап кылган турмуштук суроолорго айлануусу керек.

Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик Жаштар Лигасынын съездине жолдогон куттуктоо катында жаштарга илимий билимди жогорулатууну жана Мекендин жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүнү тез арада каалагандыгын толук билдирет. Катта ошондой эле тымызын эскертүү жана мандат камтылган: кыял – жаркын, миссия – жаркын, жүк – жеңил эмес, жол узак, андыктан өзүңүздүн кыялдарыңызды жана идеалдарыңызды адекваттуу жана так аныктап, доор жана эл тарабынан тапшырылган жоопкерчиликти активдүү түрдө өз мойнуңузга алууңүз керек. Миссияны колго алуу кыялдын пайдубалын түзөт, ал эми күрөш ийгиликке өбөлгө түзөт. Жаш муун эл ишенип тапшырган тарыхый миссияны кыйшаюусуз кабыл алып, «жылдыздар менен океандарга» карай улуу жүрүшкө аттанууга кайраттуу болушу керек, ошол эле учурда чындыкка бекем таянышы, жерде бекем турушу жана өжөрлук менен күрөштү улантуусу керек. Убакыттын сыноосунан өтүп, практика аркылуу, тазалануу аркылуу гана азыркы жаштардын мууну Кытайдын келечегинин тиреги боло алат.

ОРИГИНАЛ

Цзэн-цзы айтат: «Акыл-эси кенен, руху күчтүү болбогон окумушту киши болбойт, анткени анын жүгү оор, жолу узун. Анын жүгү – адамгерчиликтин, адептүүлүктүн жайылуусу, ал оор эмеспи? Анын жолу анын өлүмү менен гана бүтөт – ал алыс эмеспи?»

«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Тай Бо» бөлүмү

КОММЕНТАРИЙ

«Рухтун улуулугу жана рухунун күчү жок илимдүү адам болбойт, анткени жүк оор, жолу узун» – Цзэн-цзынин «Лунь юй» трактатынын «Тай бо» бөлүмүндөгү репликасы. Цзэн-цзы – Конфуцийдин шакирти, ошондой эле Шен деген ат менен белгилүү, ал кийинчерээк «Цзуншен» – «Жогорку акылман» наамына ээ болгон. Цзен-цзы татыктуу киши акыл-эстин кеңдигине жана эрктүүлүгүнө ээ болбошу мүмкүн эмес деп эсептеген, анткени анын жоопкерчилиги чоң жана жолу узун. Философ жана энциклопедиячы Чжу Си өзүнүн «Сышу цзичжу» («Төрт китеп» боюнча комментарийлер жыйнагы) эмгегинде төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү берет: «Жандын улуулугу – эң сонун руханий сапаттар. Күч – бул күч жана чыдамкайлык. Жандын улуулугу болбосо, чоң жоопкерчиликти көтөрүү мүмкүн эмес, рухтун күчү болбосо, узак жолду басып өтүү мүмкүн эмес».

Андан ары Цзэн-цзы «жүк оор, бирок жолу узун» деген сөздү мындайча түшүндүрөт: «Илимдүү адамдын жүгү – кайрымдуулук менен жакшылыкты жайылтуу, бул оор эмеспи? Анын жолу анын өлүмү менен гана бүтөт – ал алыс эмеспи?» Бул эмнени билдирет: адамгерчиликти ырастоо үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуу чынында эле чоң эмеспи? Адамгерчиликти ырастоо үчүн өмүр бою күрөш кантип эле узак жол болбосун?

Конфуций кайрымдуулукту ырастоо үчүн «өзүнүн ынталуулугу менен тамакты унутат, кубанычта бардык кайгыларды унутат жана жакындап калган карылыкты байкабайт». Мэн-цзынин айтымында, «билимдүү адам жакырчылыкта адилеттүүлүгүн жана милдетине берилгендигин жоготпойт, ал эми байлыкта чындык жолунан тайбайт» жана «Асман асты империясы чындык жолуна түшкөндө, илимдүү адам өзүн ошол жол менен жүрүүгө арнайт; Асман асты империясы чындык жолуна түшпөгөндө, илимдүү адам чыныгы жол үчүн өзүн курман кылат». Конфуций, Мэн-цзы сыяктуу улуу инсандар кайрымдуулукту адам жашоосунун мааниси деп эсептеп, Асман асты империясынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан.

Асыл эр бардык нерседе милдет жана адилеттүүлүк сезимине таянат.

Цитата Корея Республикасынын Сеул университетинде «Кытай менен Корея Республикасынын ортосундагы келечектеги кызматташтыкты биргелешип куруу, Азиянын өнүгүүсү жана гүлдөшү жалпы күч-аракеттер аркылуу» баяндамасында жана башка бир катар эмгектерде берилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

Милдетке берилгендиктин атынан жеңилдиктерден баш тартуу, милдетке берилгендик аркылуу пайда табуу, пайда көрүү жана милдетке берилгендикти эстеп калуу – пайда менен парз сезиминин байланышы жөнүндөгү бул көз караштар салттуу кытай философиялык ой жүгүртүүсүнүн түпкү маңызын камтыйт. Мындай көз караштар мамлекеттер ортосундагы мамилелердин нормаларын гана аныктабастан, ошондой эле адамдар жашоодо карманууга тийиш болгон баалуулуктардын жана ишенимдердин системасын түзөт. Милдетке берилгендик менен пайда алуу бири-биринен ажырагыс байланышта эмес, милдет пайдадан жогору турат, милдет пайдадан төмөн болот, адилеттик пайдадан жогору турат.

Си Цзиньпин «Асыл адам бардык нерседе милдетти жана адилеттүүлүк сезимин жетектейт» деген сөздү пайда жана милдетке жана адилеттүүлүккө берилгендик түшүнүгүнүн туура приоритеттерин так белгилөө үчүн колдонгон. Дүйнөлүк масштабда мамлекеттер аралык мамилелерди аныктай турган, ал эми кичине масштабда инсандын адеп-ахлактык жактан жакшыруусун аныктай турган бирдиктүү негизги принцип бар. Рыноктук экономиканын шартында жеңилдиктерди айтууда тартынуу кайра кайтарылгыс болуп өткөн, жөлөкпул алуу жалпы таанылган адамдын укугу болуп калган. Бирок, бир гана пайда таап, милдетти унутуп, пайданы милдеттен жогору коюп, ал турсун бардык нерсенин өлчөмүн пайда деп түшүнсө, жетекчи партиялык кызматкерлер, бийлик менен, пайданы суусап, коомдук жыргалчылыкты кайдыгер калтырбоосу кыйын жана жеке пайда издөөдө кызыл сызыктан өтүү оңой болуп калат. Мына ушундан улам курчап турган турмуш материалдык молчулуктун рынок экономикасына канчалык терең кирип кетсе, партиялык кызматкерлер милдет жана пайда жөнүндөгү туура көз караштарды ошончолук чечкиндүү түрдө ырастап, жанды материалдык байлыкка кул кылуудан, акыл-эсти сокур кылуудан алыс болууга тийиш, жеке кызыкчылык менен партиянын мүчөлөрү абийирге, адептүүлүккө жана тартипке карата артыкчылыктарга баш ийген кызматты ыйгарууга тийиш. Жетекчи партиялык кызматкерлер үчүн «милдетке берилгендиктин, өз каалоосун көзөмөлдөөнүн, жакшылыктын жана күчтүн артыкчылыгынын натыйжасы катары артыкчылыктарга жетишүү – чыныгы жолду түзөт».

You have finished the free preview. Would you like to read more?